Орусияда Кыргыз жергесинде туулган адам унаасынын жүк салган бөлүгүнө 20 мигрантты салып бара жаткан жеринен кармалды

Магнитогорск шаарындагы унаа жолунун 157-чакырымында Mercedes-Benz үлгүсүндөгү фургон унаасынын жүк жүктөлгөн бөлүгүнө 20 мигрантты салып бара жаткан айдоочу кармалды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Унаа текшерүүгө алынганда анын ичин эки кабатка бөлүп, он-ондон жүргүнчүлөр отуруп келе жатышкан. Аны 47 жаштагы Кыргыз өлкөсүндө туулган жаран башкарып бара жаткан. Ал бул ишке жол киреге акчасы жетпеген жердештерине жардам берүү үчүн барганын айткан.

Полиция кызматкерлери айдоочуга карата жүргүнчүлөрдү ташуудагы эрежени бузгандыгы жана уруксатсыз унаанын конструкциясын алмаштыргандыгы үчүн эки протокол түзүлгөн. Ошондой эле текшерүү учурунда жүргүнчүлөрдүн экөө Орусияга мыйзамсыз кирип бара жатканы аныкталып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Орусияда жүк ташыган унаага 20 мигрантты салып бараткан айдоочу кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
abon
2018-03-28 14:03:16
эхх. булар жыргаап кайп кылып келели деп кетпеген болсо керек, кееде угуп калат элем попутный бир бусикте бир орунга 3 киши отуруп келдик дегендерди, жокчулук сындырат экекти. билетке анан таксиге акчасы жок болсо, пешком барбайтго кара казанды кайнатам деп айласыздан ушундай жолго барышканда! Кудайым кыйынчылыкта жургондордун ишин оной кылсын,
+39
newman
2018-03-28 14:06:06
Жакшы кылат. Эгер кокустук болсо машинадагы бардык адам мерт кетиши толук ыктымал. Лейлек районунан Кара-Балта шаарынан ары чек арага чейин спринтер менен тажик жарандарын ушинтип ташыйт. ГАИ кызматкери билет. Ставкасын алып коё берет
+5
abon
2018-03-28 14:28:38
койгулачы эми э. Кыргызбы Казакпы Озбекпи эмне баркы бар? Жердеш болатпайбы, Жада калса кыйналган адамдар экен, Жыргаган адамдар мындаай журбойт, мындайды башынан кыйынчылык откоргон адам тушунотта! Ооно американы ак кара адамдары да уже достошуп ага ини болуп кетти, Бизде болсо дагыле Кыргызбы Озбекпи деп болунобуз. Коро албастык, Болунуш боло береткен онугуу деген каякта болот анан! Итак эле Кыргызстандын дээрлик жарым населениясы Ар жака чачылып бутту, Кичине жашырганды билгиле жаман коргонун
+22
nur_92
2018-03-28 15:02:53
Биз деле ушинтип эле келдик бишкектен москва жыргап жатып уктап мындай спринтерлер толтураго эми билишиптирби орустар
+13
admin_media
2018-03-28 15:41:45
Pandora,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз.
0
expert.007
2018-03-28 19:03:29
Тажиктерди тыгып алганго.
0
BBB88
2018-03-28 19:23:22
Мен элдик кабарга кантип билдируу жиберсем болот..рахмат
0
Biinura
2018-03-28 20:09:48
BBB88,557473939
0
admin_portal
2018-03-29 08:04:54
BBB88, Саламатсызбы! Жаңылыкты кыскача баяндап Viber же WhatsApp аркылуу +996 557 47-39-39 номерине жиберсеңиз болот.
0
bakulya2015
2018-03-28 21:10:36
Коруп алып козумо жаш алдым. Байкуштар эх жашоо
+7
Eli.91
2018-03-28 23:04:26
Чем таксиде барганга караганда ушунтип кеткенин абдан ынгайлуу?кааласаан жатып кетесин?кааласан отуруп кетесин?кааласан уктап кетесин?соонуда бизделе дайыма Ошко ушундай гиганттар менен барабыз?кутуп атып чыгам ушуга анткени узак жолдо кыйналбай кетесин?акчасыда арзан.
+2
Nurizaumar
2018-03-29 00:46:04
Мындайлар кызылбел таможнясыдан через день эле кетип турат 20 25 30 адамдан
0
Kanybek121195
2018-03-29 08:14:55
Булар точно таджик же өзбектер
-1
Aikyt
2018-03-29 08:35:00
Ужас кантип чыдап барышат
-3
a.sheralievic.91
2018-03-29 09:41:54
Ош бишкек исфана бишкек спринтерлер баары ушундай
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан