"Бүгүн, 2-апрелде эртең менен маршруттук таксилердин жок экенин байкадык", - деп жазышты шаар тургундары "Элдик кабар" рубрикасына.
Шаардын жашоочуларынын айтымында, учурда аялдамалардагы элдин саны абдан көп. Негизинен троллейбустар менен автобустар келип жатат. Аларга да жүргүнчүлөр толуп, батпагандар кийинки каттамдарды күтүүгө аргасыз.
"Бүгүн эртең менен демейдегидей эле күндө каттаган маршруттук таксини күтүп жаттым. Бирок ал келген жок. Бул арада аялдамада эл көбөйүп кетти. Андагылардын сүйлөшүүлөрүнө караганда, маршруттук унаалардын айдоочулары иш ташташкан экен. Мен аялдамада жарым сааттай турдум, автобус, троллейбустар келип жатканы менен, ичинде жүргүнчүлөр толтура. Батпай калып жаттык", - деп жазды баш калаанын жашоочусу.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.