Бишкек шаарында иттин зордукталганын милиция каттады. Учурда соттук медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери башталды. Бул тууралуу 5-апрелде Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгы 10 күндүн ичинде чыгарылат.
"Иттин адам тарабынан зордукталганы тууралуу факты 4-апрель күнү катталды. Учурда тийиштүү материалдар териштирүүгө экспертизага жиберилди. Бул окуя боюнча кылмыш ишинин козголушу аталган экспертизанын жыйынтыгына көз каранды. Тергөө иштери жүрүүдө", - дешти басма сөз кызматынан.
Эске салсак, 4-апрелде "Бишкекте иттен адам тарабынан зордукталган белгилер табылды. Дарыгерлер муну аныктаганы менен, далил катары карманар эч нерсебиз жок болуп жатат", - деп жолбун жаныбарларга жардам берген "Добрые руки" аттуу фонддун жетекчиси Лариса Слободская SUPER.KG порталына билдирген.