Жээнбеков эртең Апрель окуясын эскерүү иш-чарасына Атамбаевди да, Отунбаеваны да чакырды

Эртең, 7-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен Апрель окуясына арналган бир катар иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эскерүү иш-чарасына экс-президенттер Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев чакырылды. Ошондой эле "Ата-Бейит" комплексиндеги Апрель окуясында курман болгондорду эскерүү мемориалынын алдына гүл коюу аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева катышат.

Мындан тышкары Сооронбай Жээнбеков 2002-жылы Аксы окуяларынын учурунда жана 2010-жылы Апрель окуяларында курман болгондордун элесине арналган "Ала-Тоо" аянтындагы "Эл эркиндиги үчүн" эстелигине гүл коёт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
NURTILEK_KG
2018-04-06 14:56:54
Мм
0
Jelezo
2018-04-06 15:15:27
Жакшы болуптур
+6
nargiz94
2018-04-06 15:25:20
Атамбай болсо Отунбаеваны чакырбай коймок, ичине ит олуп калган да. Жээнбековдун жонокойлугун сыйлайм
+25
KGstan1981
2018-04-06 15:29:06
Мына баарына бирдей тен мамиле кылган чыныгы президент Сооронбай Жээнбековту айтса болот.Аташка эми жон сыйы м-н келип кетсе эле болду.Анан адаттынча Роза Отунбаевага жэ болбосо досуна соз атпай.
+26
RusMos76
2018-04-06 18:26:21
KGstan1981,Отунбаева келет Атамбаев келбейт.
+3
deva
2018-04-09 09:40:11
RusMos76,көзүңүз ачык окшойт э? Чын эле сиз айткандай болду го))
0
rysik79
2018-04-06 15:30:23
Айдан ачык ясно .Ала-арча деген жинди суудан 100граммдан 3 жолу киргизип туруп алтындарым деп келжиреп ушак айтып актанат да.эч болбосо Калп ыйлап артист болот.
+2
pat12
2018-04-06 16:08:52
Уч кочкордун башы бир казанда.
+3
aydinnur
2018-04-06 16:20:35
Жээнбеков азамат,эл башы ушундай болуш керек..!Урушканды табыштырган, үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган дегендей..
+10
gulmira12345
2018-04-06 16:29:13
Молодец анткени ал Кара Кулжадан Кара Кулжалык тар плюс баскыла
-12
Daak9091
2018-04-06 18:05:25
gulmira12345,ушул жерден да болүнүп жарылып жазып кетесин
+16
mir777
2018-04-06 21:58:15
gulmira12345,Кыргызстандыктар минус баскыла)))
0
akyn
2018-04-06 16:46:46
молодец Жееенбеков
+3
nurbekasr
2018-04-06 19:25:37
Текебаевди да айтып алгыла,ошол жерден атамбай менен жекпе жек болсун.
+3
meni_kut
2018-04-06 21:42:27
nurbekasr,казакча эмес кыргызча жазчы жекеме жеке деп,
+1
bazarkyl
2018-04-07 00:25:18
Админ (Атамбаевди) эмес, Атамбаевды да чакырды десе болот
-3
jbolotov
2018-04-07 13:36:34
Банданын чондору ))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан