"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Милиция: "Ноокатта 50дөй адамдын ур-токмогуна кабылган кыз-жигит боюнча иликтөө жүрүп жатат"

Ноокатта 50дөй адамдын ур-токмогуна кабылган кыз-жигиттин окуясын милиция иликтеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, окуянын катышуучулары Ноокат районуна караштуу Бостон айыл аймагындагы Гүлстан айылынын тургундары болгон.

"Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Гүлстан айылында кыз жана ага жолугууга келген адамдын сабалганы тууралуу факты 5-апрелде катталган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ур-токмокко кабылган жигит 23 жаштагы Гүлстан айылынын тургуну болгон", - дейт басма сөз катчы.

Айта кетсек, буга чейин окурман "Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу "Ноокатта кыз-жигитти 50дөй адам ур-токмокко алды" деп билдирген.

Ноокатта бир адамды айылдаштары ур-токмокко алды
Ноокатта бир адамды айылдаштары ур-токмокко алды-2
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Maks_shop
2018-04-06 17:26:36
Тытышып жатып калгыла
-2
zhaku2017
2018-04-06 18:16:13
Жаман ит алы жеткенин талайт, болуп. Маданияттын төмөндүгү.
+7
aIways-here
2018-04-06 18:22:25
Укугун коргоо керек жабырлануучулардын.
+9
yrmat88
2018-04-06 18:36:25
Ары жоктор. Башка кылар иштери жок бекен. Жанагы эле африканын жапайы индейцтери.
+7
wwwonline
2018-04-06 18:44:09
Japaiy aibandar, xxxxtardy primitivniy desem ishenbeisiner.
0
Totyua.71.
2018-04-06 18:51:29
Накта жапайылар го!Буларды жазалаш керек..
+2
briliant87
2018-04-06 19:07:03
Уят эле
+2
Shadykanov
2018-04-06 19:27:23
Админ кандай жаза алышты ошолорду дагы жаза кеткиле бул дикийлерди камаш керек
0
datkayimjan
2018-04-06 20:42:40
Энелеринин тоюн таанышат го эми.
0
zhykyo
2018-04-07 00:01:42
Машинанын астына кире качты го
+2
Bale
2018-04-07 00:33:06
баары өзбектер дейт... Эмне аякта бут эле озбектерби? кыргыздар барбы? сабалган бала кыргызбы?
+2
Asat17
2018-04-07 00:56:06
Бл соз жок экен
0
Ayida
2018-04-07 12:39:30
Буларды баарын камаш керек таап кыйын болсо милициялар
0
Djal1987
2018-04-08 04:11:55
Милицияларга акча тушот эми жирный. Олгондун туугандарынын шору болот. Берки кызды заблуждение кылышат. Булардын соту бир эки жыл болот эн азы дегенде.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан