Бишкек шаарындагы 5-кичирайондо жолдогу жөө адамдар өткөн белгиден өтүп бара жаткан 12 жаштагы өспүрүмдү унаа сүзүп кетти. Мындай кабарды социалдык тармактын колдонуучусу кечээ, 6-апрелде жазып, сүрөт-видеолору менен бөлүштү.
Анын билдирүүсүнө ылайык, окуя, кечээ саат 18:00дөр чамасында болгон.
"Баланын өзүнүн айтымында, ал мектептен үйүнө кайтып келе жатканда жолдон кара түстөгү жол тандабас сүзүп кеткен. Бирок ал токтогон эмес. Бала нес абалда көпкө чейин эсин жыя албай турду. Анын алдыңкы тиштери сынып кетиптир, оозунун баары канап жатты. 102 менен 103кө чалдык, "Тез жардам" 15 мүнөттөн кийин келип, жардам көрсөттү", - деп жазган ал.