"Ата-Бейиттеги" эскерүү иш-чарасына Алмазбек Атамбаев сыркоолоп калгандыгына байланыштуу келген жок

Бүгүн, 7-апрелде "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде Апрель окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өтүп жатат. Ошол кандуу окуядан бери 8 жыл өттү. Энелер балдарын жоктоп, эстеликтерине гүл коюп, куран окуп жатышты.

Кандуу окуяда каза болгон баатырларды эскерүүгө өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков, өкмөт башчы Сапар Исаков, төрага Дастан Жумабеков, мурунку президент Роза Отунбаева жана "Айкөл Ала-Тоо" бирикмесинин өкүлдөрү, маркумдардын жакындары катышты. Бул эскерүү иш-чарасына чакырылган экс-президент Алмазбек Атамбаев келген жок. КСДПнын катчысы Атамбаевдин сыркоолоп калып келбей калганын SUPER.KG порталына билдирди.

"Алмазбек Атамбаев сыркоолоп жатат, "7-Апрель окуясына" байланышкан эскерүү иш-чараларына катыша албай калат", - деди ал.

7-Апрель окуясын эскерүү иш-чарасы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
datkayimjan
2018-04-07 12:09:10
Бет чыдабады деп эле койсонор. Шылтоонор эле даяр.
+1
nazarKGZ
2018-04-07 12:13:05
8жылда эчкандай озгоруш болбоду митиник болгон пайда жок экен элге куйгон адам болбосо
+1
urmat94
2018-04-07 12:16:37
))) биздин бийлике жалан эле оорукчандар келет окшойт бир нерсе болсоле ооруп калышат кечеле жакшынале журдулего АША
0
Nurmat92
2018-04-07 12:17:53
Биздин чондор үчүн ооруп калды сыркоолоп калды деген хит болду го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан