Бишкекте улгайган аялды унаа сүзүп каза болду. Айдоочу качып кеткен

Бишкекте улгайган аялды унаа сүзүп каза болду, шектүү адам унаасы менен кырсык болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

"Кырсык 7-апрель күнү саат 20:40 чамасында Бишкектин 12-кичи районунда болгон. Анда улгайган аялды белгисиз унаа сүзүп кетип, ал адам алган жаракатынан улам кырсык болгон жерде көз жумган. Айдоочу унаасы менен окуя болгон жерден качып кеткен", - деп айтылат маалыматта.

Учурда аны издөө иштери уланууда.

Эске салсак, 6-апрель күнү да Бишкектин 4-кичи районунан 11 жаштагы өспүрүмдү белгисиз унаа сүзүп кеткен жана окуя болгон жерден айдоочу из жашырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
a.sheralievic.91
2018-04-08 15:11:08
Ушундай кылмышкерлерди тапсын МАИ кызматкерлееи жок жерден айдоочулардан ДОЛЯ талап кылбай
Эгер таба албаса ПОЗОР
+1
take19
2018-04-08 19:10:35
Видео көзөмөл болсо мындай кырсыктар азаят эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан