Бишкекте унаа аялдамада турган аялды сүзүп, ал ошол жерде каза болду. Аялдама да жарактан чыгып талкаланды

Бишкек шаарынын Асанбай кичи районунда унаа аялдамада турган аялды сүзүп, ал ошол жерде каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 9-апрель күнү эртең менен таңкы саат 6:20лар чамасында болгон. Анда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, аялдамада турган аялды сүзүп кеткен. Натыйжада аял ошол жерде каза болгон. Ал эми айдоочуну "Тез жардам" кызматы алып кеткен.

Учурда тийиштүү экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Катуу ылдамдыкта бараткан унаа аялдаманы талкалай сүздү. Окуя болгон жерде 1 аял көз жумду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
cfif03748
2018-04-09 13:09:24
Светофор да иштебейт окшойт?
0
almanbetperm
2018-04-09 13:13:47
cfif03748,жашыл жанып эле турат
0
cfif03748
2018-04-09 13:23:33
almanbetperm,28секунд жанып тура береби.Бишкек Москва эмеско
-5
almanbetperm
2018-04-09 14:40:29
cfif03748,1 минут жанган жерлер бар
+3
barakcha
2018-04-09 13:11:43
Маршуртниктер наглый болуп бутушкон.
+9
Alixan-Nookat.2015
2018-04-09 13:26:35
Маршрутка күнөөлүү экен жашыл күйүп турганда чыга калган экен ошондон качамын деп айланып кетиптир
+7
mymoon
2018-04-09 13:47:25
Ал жерде светофор жок, аптеканын жашыл белгиси го.
0
Ask094
2018-04-09 14:30:44
mymoon,ХХХХХХХХ Светофор турбайбы женил машине оз жолунда келатты машрутка чыгып алды жолго
0
mymoon
2018-04-09 15:21:18
Ask094, светофор эмес ал, жакшылап кара
+1
Defans2017
2018-04-09 13:53:47
Маршрутка куноолу,
+2
ice87
2018-04-09 13:55:01
Камера барбы ошол жерде?
+1
ice87
2018-04-09 13:55:26
Главныйда машина болчу
+2
tmttmt
2018-04-09 13:59:09
не болтат микрарайондордо күндө бирден өлүмго жол кырсыгы
кече 12микрайон андан мурун 4чү микрайон
кудай сактасын
0
Dalil
2018-04-09 14:00:57
Экөө тең күнөөлүү. Маршрутка кызылда айдап чыгып жатат а жеңил унаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта бара жатат. Шаар ичинде катуу жүргөн жол кыймылын бузган болуп эсептелет.
+1
mymoon
2018-04-09 14:16:07
Dalil, ал жерде светофор жок, бирок экоо тен куноолуу.
+2
meni_kut
2018-04-09 14:23:01
ак маршрут эки жакты карап чыгышы керек эле
+1
Zainidin96
2018-04-09 14:27:55
Куноо маршруткада экен катуу келиптир мерс дагы аялдаманы талкалай сузуптур катуу чара коруш керек болбосо боло берет мындай нерселер
+1
fantomas
2018-04-09 16:43:23
Куноо 2 машинада тен бар. Маршрутка айдоочусу жолдун ортосуна чыгып алып эки жагын карап жатат. Главный жол женил унааныкы. Женил унаа болсо ото катуу ылдамдыкта келди. Эгер ал ылдамдык нормаларын сактаса бул кырсык орун алмак эмес. Ошол себептен 2 унаа айдоочусу тен жоопко тартылышы керек. Куноонун 30% маршрутка айдоочусунда, 70% куноо женил унаанын айдоочусунда....
+2
tular
2018-04-09 17:17:36
Олкодр ушундай маршрутниктер бар экенин билип туруп, анан акырын айдаш керек болчу да машинаны...
+2
Shef87
2018-04-09 19:45:16
Газды эми коргон неме го
+2
ere
2018-04-10 14:26:58
четке чыгып токтогон сон адырандап эле кайра катарга кошула калышат эки жакты карап аркада келе жаткан автоунааны откоруп чыгуу деген тушунук жок окшойт копчулугундо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан