Чек арадагы Кыргыз жаранынын өлүмү боюнча эки өлкөнүн тийиштүү мекемелеринин жетекчилери жолугат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 8-апрелде премьер-министр Сапар Исаков менен Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Ариповдун ортосунда телефондук сүйлөшүү болгон. Алар 7-апрелде Кыргыз-Өзбек чек арасында 34 жаштагы М.Ф.М. аттуу Кыргыз жаранынын өлүмүнө алып келген окуяны талкуулашкан.
Тараптар бүгүн, 9-апрелде эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын жетекчилеринин, ошондой эле тийиштүү мекемелердин деңгээлинде жолугушуу өткөрүү тууралуу макулдашкан. Бирок азырынча бул жолугушуу боюнча маалыматтар бериле элек.
Биргелешкен жумушчу топ дыкат тергөө жүргүзүп, жакын арада жыйынтыктары тууралуу маалымат бермекчи.