Биринчи өрт кырсыгы 30-январда катталып, "Ош базарынын" ичиндеги "Сейтек” жана “Берекет плюс” кичи базарындагы соода орундары өрттөнгөн. Анда тилсиз жоо 3 миң 500 чарчы метр жерди каптаган болчу.
Экинчи өрт 5-мартта катталып, анда да кайрадан “Сейтек” кичи базарын тилсиз жоо каптап, 700 чарчы метр аянты күйүп кеткен.
Ал эми үчүнчү өрт кырсыгы бүгүн, 13-апрелде түнкү саат 03:00дөр чамасында чыккан. Бул жолу "Ош базарынын" ичиндеги "Берекет" соода борбору өрттөнгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, соода борборунун 2 миң 500 чарчы метр аянтын өрт жалмаган.