Журналист президенттен кечирим сурады

Журналист Кабай Карабеков президент Сооронбай Жээнбековдон кечирим сурады.

Белгилүү болгондой, 2017-жылы 11-сентябрда 24.кг маалымат агенттигине Кабай Карабековдун экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Сочиге барганы боюнча "Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат" деген макаласы жарыяланган. Анда "ага-ини Жээнбековдордун радикалдуу араб уюмдары менен тыгыз байланышы бар болушу мүмкүн" деген Кыргыз жана Орус атайын кызматтары берген маалымат Москва тараптын тынчын алып жатканы тууралуу жазылган. "Бул маалымат чындыкка дал келбейт жана Сооронбай Шарипович Жээнбековдун ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирет", - дейт Карабеков.

Эске салсак, аталган макаланын негизинде Жээнбековдун шайлоо штабы сотко кайрылган болчу. Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту бул ишти карап, өткөн жылы 5-октябрда Карабеков 5 миллион сом жана 24.кг маалымат агенттиги 5 миллион сом Жээнбековго төлөп бериши керек деген чечим чыгарган. Ошол эле жылы 22-декабрда айып пул салган райондук соттун чечимин шаардык сот күчүндө калтырган.

Ушул жылдын 5-февралында президент Сооронбай Жээнбеков 24.кг маалымат агенттигине коюлган 5 миллион сом доосунан баш тарткан. Ал эми журналист Кабай Карабековго карата айып пул боюнча арызды Жээнбеков чакыртып алган эмес.

2018-жылы 22-февралда Жогорку Сот президент Сооронбай Жээнбековдун журналист Кабай Карабековго 5 миллион сом доосун өндүрүү боюнча чечимин күчүндө калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан