Аты жазылган эмес... Интернетте көчөнүн аталышы "Б.Баатыра", "Ш.Баатыр" деп жазылып илингени сынга алынууда

Интернет айдыңында көчөлөрдүн аталышынын жазылышы талкууланууда. Колдонуучулар көчөлөргө "Б.Баатыра", "Ш.Баатыр" "Б.Баатыр" деп жазылганын сынга алышууда.

Көзгө көнүмүш көрүнгөнү менен, ойлоно келген адам бул жерден көчө кимдин атына коюлганын билбейт. Себеби, аты жазылган эмес.

Мындан тышкары которуудагы одоно катага басым жасагандар да көп. "Б.Баатыра" көчөсү кандайча мындай аталып калган деп андан маани издегендер арбыды. Шаар жашоочулары бул көрүнүшкө нааразы болушуп, бул кыргыз тилин, тарыхын, шаар тургундарын сыйлабастык деп сыпатташууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Adil706070
2018-04-18 08:36:27
Бир болсо Байтик баатыр эле болбосо.
+5
Alixan-Nookat.2015
2018-04-18 08:58:44
Туура бул кыргыз тилин, кыргыз тарыхын сыйлабагандык.Ошол көчөлөрдүн аттарын табличкага жазып илүүдө тиешелүү органдар менен макулдашуу керек ошондо мындай нааразылык жана чыгым болбойт. Биздин мэрия бир жеке менчик жарнама чыгаруу жерге келет буйрутма берет ар бир тамга мынча сом десе анда кыска жазып кой дейт акча жеш керекда ал эми жарнама жазчуу алда кыргызча жакшы билбеген алда жазып койот. Эми бул жазууларды күнөөлүү адамдарды таап өздөрүнүн чөнтөгүнөн оңдотуп жаздыруу керек.
+6
romaantik
2018-04-18 09:01:39
Ошто да Исанова (Н.Исанов) көчөсү деп жазып койгонун көрүп аябай зээним кейиди эле. Бирок мындан уч төрт жыл мурда. Азыр оңдоп коюштубу жокпу билбейм
+3
altyn7776
2018-04-18 09:03:47
Уят. Шаар башчылыгына Ибраимовдой коррупционерлер келсе мындан да жаман корунуштор байма бай болот. 7 а кочосу деп жазып койгула жаны кочону эми. Маскарапоздор.
+2
bond02
2018-04-18 09:27:52
же орусча эмес же кыргызча эмес, кандай гана сабатсыздар иштейт ээ бизде.
+5
tynara81
2018-04-18 09:34:43
Ушул суроо менен тиешелүү жактарга кайрылып көрсөңүздөр болбойбу, Супер инфо! Ким жазган? Ким жооптуу? Көчөлөрдүн аттары Баатырбы?деп.
+4
BarsBaatyr
2018-04-18 10:53:41
Капа болбогула го.Бирок Бишкектин жарымы эле манкурт болуп калган.Кыргызча сүйлөсөң жаман көрүшөт тобоо.Көчөлөрдүн аталыштарын карагылачы,эркектердин ысымдары деле бүт ВА менен бүткөн.Жада калса карып калган аксакалдарыбызчы.Сурап калсаң Бөкөнбаева көчөсүндө дейт.Жоомарт Бөкөебаев качан аял болуп калды эле?Мындай мисалдар толтура да.
+1
bermet104
2018-04-18 11:29:22
Түнү мн алмаштырып чыгыптыр го мэрия жазууларды. Башка жакта жазылып жүрөт
0
dastan.bujun
2018-04-18 12:41:19
Ондош керек кеч болбойт
0
Aidani
2018-04-18 23:24:31
Орусча кочолорду да ондош керек кеебир кочолорду айтууда тилин сынат.
0
Aidani
2018-04-18 23:25:05
Айни жакта бир кочо бар экен, айталбайсын дегеле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан