Бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеӊештин жыйынында "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп келген Насыр Мусаев ант берди. Ал мурдагы депутат Жыргалбек Калмаматовдун ордуна келди. Борбордук шайлоо комиссиясы 16-апрелде өткөн жыйынында Насыр Мусаевге депутаттык мандатын тапшырган.
Белгилей кетсек, Жыргалбек Калмаматов каза болгонуна байланыштуу буга чейин БШК анын депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Жыргалбек Калмаматов ушул жылдын 1-январында каза болгон.
Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Насыр Мусаевди депутат болуп келиши менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.