Жакында депутат боло турган адамдын жарандыгын кылдат текшерүү суралды

Борбордук шайлоо комиссиясы "Республика-Ата Журт" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Сагындык Келдибаевдин жарандыгын кылдат текшерүүсү керек. Мындай сураныч менен бир нече коомдук уюмдар БШКга кайрылуу жасашты.

"Аталган талапкер 2014-жылдын 23-декабрында Орусиянын жарандыгынан чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын элчилигинен алган маалым катын көрсөткөн. Кат 2018-жылы 14-мартта жазылган.

Ошол эле учурда интернеттеги социалдык тармактарда 2015-жылы Орусиянын ИИМинин Башкы башкармалыгы Ош облусунун ички иштер башкармалыгына жөнөткөн кат жарыяланууда. Ага ылайык, Келдибаев Сагындык Аширалиевич 2012-жылдын 11-сентябрында Красноярск шаарында Орусиянын паспортун алганы ырасталган.

Көрүнүп тургандай, даталар дал келбей турат: элчилик Келдибаевдин 2014-жылы Орусиянын жарандыгынан чыкты деп берип жатса, кантип Орусиянын ыйгарым укуктуу мекемеси 2015-жылы аны жарандыгын тастыктайт.

Мындан тышкары Келдибаев Орусияда иштеп жаткан "Асага+" компаниянын негиздөөчүсү жана башкы директору экени белгилүү. Бул деле анын орусиялык жарандыгын ырастайт.

Буга байланыштуу, бир нече коомдук уюмдар жана жарандык активисттер депутаттыкка талапкер Сагындык Келдибаевдин ​жарандыгын кылдат текшерүүнү суранат", - деп жазылат кайрылууда.

Сагындык Келдибаев өз кезегинде Орусиянын жарандыгын 2014-жылдын 23-декабрында мыйзам чегинде тапшырып, шайлоого аттанганын журналисттерге айтты. "Кыргыз Республикасында туулгандан бери жашайм. 7-8 жыл Орусияда болгом. Мен туура эмес маалымат берип, жарандыгымды жашырган болсом, мыйзам чегинде жооп беришимди билем, ошондуктан мыйзам бузууга барган эмесмин жана барбайм дагы. Жарандыгым тууралуу жалган маалыматты тараткандар кимдер экенин билем", - деди Келдибаев.

Айта кетсек, 20-апрелде "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова вице-премьер-министр кызматына дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан