Ат-Башыда жол кырсыгынан жаракат алган 9 адамдын бири жандандыруу бөлүмүндө жатат

Ат-Башыда жол кырсыгынан жаракат алган 9 адамдын биринин абалы оор. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ал жол кырсыгынан жабыркаган 9 адамдын бешөө ооруканага жаткырылган. Дарыланып жаткандардын экөө балдар, бири 2 жашта бири 4 жашта. 2 жаштагы баланын бир аз көк ала тактары бар, башка коркунучтуу жаракат алган эмес. Ал эми 4 жаштагы баланын акыреги сынып кеткен, бирок анын өмүрүнө эч кандай коркунуч жок. Ал эми ооруканага жаткырылган 3 аялдын биринин абалы оор. Ал башынан жаракат алган, учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат, калган эки аялдын жаракаттары оор эмес", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, буга чейин Ат-Башы районунда жол кырсыгынан 9 адам жаракат алганы маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан