Санкт-Петербург шаарында жаңы төрөгөн наристесин иштебеген муздаткычка салып койгон 14 жаштагы кыргыз кызы кармалды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 7-май күнү Санкт-Петербургдагы эски жатаканалардын бириндеги иштебеген муздаткычтан жаңы төрөлгөн ымыркайдын ыңаалаган үнү угулган. Мындан улам жатакананын жашоочусу наристени муздаткычтын ичинен таап алган. Ал ошол замат полиция кызматкерлерине кабарлап, "Тез жардам" кызматкерлерин чакырган. Дарыгерлер ташталган ымыркай 1 күн мурун туулганын тастыкташып, аны ооруканага жеткиришкен. Учурда ымыркай жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. Ал эми анын энеси 14 жаштагы Айзирек аттуу кыргыз кыз болуп чыкты.
Наристе эркек бала болгон. Анын энеси өз алдынча төрөгөнүн жана кош бойлуу кезинде эч бир медициналык жайда каттоодо турбаганын айткан. Учурда Санкт-Петербург шаарынын иликтөө комитети тарабынан аталган кызга өз баласын өлтүрүүгө аракет кылганы үчүн кылмыш иши козголду.
Ал эми бул окуя боюнча Орусиядагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилигинин басма сөз кызматкери Гүлбарчын Байымбетова учурда маалымат такталып жатканын билдирди.