"Өлбөс полк" акциясы жыйынтыкталды (фото)

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин эскерүү максатында уюштурулган "Өлбөс полк" жүрүшү аягына чыкты. Шаардын жогору тарабындагы "Жеңиш" паркынан башталган жүрүшкө миңдеген шаар тургундары катышып "Жеңиш" аянтындагы Өчпөс отко чейин жөө басып келишти. Ошондой эле иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков, Бишкектин мэри Албек Ибраимов, Жогорку Кеңештин, шаардык кеңештин депутаттары жана өкмөт мүчөлөрү катышты.

Акциянын катышуучулары "Эч ким, эч качан унутулбайт" деген жазуулары бар плакаттарды, ардагерлердин портреттерин көтөрүп алышкан. Акциянын катышуучулары Өчпөс отко гүл коюп, иш-чара жыйынтыкталды. Былтыр акцияга жалпы 30 миңдей эл катышса, быйыл болжолдуу түрдө 30 миңден ашуун адам катышты. Кыргыз жергесинде "Өлбөс полк" жүрүшү быйыл 5-ирет өтүп жатат.

Көзүнө жаш алган ардагер: "Элдин биримдиги, ынтымагы бүгүнкү күндү алып келди"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан