2018-жылдын 10-май күнү Махатхир Мохамад Малайзиянын премьер-министри болуп бекитилди. Учурда 92 жашка чыккан Махаткир буга чейин 1981-2003-жылдар аралыгында да өкмөттү жетектеп келген. Дүйнөдөгү эң улуу өкмөт башчы Махатхирдин саясаттагы "карыбас жолу" тууралуу сиздерге кененирээк жазып берүүнү туура көрдүк.
Махатхир Мохамад 1925-жылы Малайзиянын Кедах штатынын Алор-Сетар шаарында мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 1953-жылы Сингапурдагы Малайя университетинен медицина факультетин аяктап, 1957-жылга чейин өз кесиби боюнча алектенет. Жубайы Сити Хасма Мохамед Али - өз өлкөсүнө белгилүү дарыгер. Алардын ортосунда 7 баласы бар, бир кыз, бир уулун багып алышканы да коомчулукка белгилүү.
Саясаттагы алгачкы кадамы жана өсүү жолу
Махатхирдин саясаттагы алгачкы жолу 1946-жылы жаңы түзүлгөн Бириккен Малай улуттук уюмуна (БМУУ) мүчө болуп кирүү менен башталган. Бул уюмда бир нече жыл иштеп, өзүнүн саясий талантын көрсөткөндөн кийин 1964-жылы парламентке БМУУнун тизмеси менен депутат болуп шайланат. Депутаттык ишин да катардагы депутаттай эмес, ачуу сындарды айтуу менен баштап, 1969-жылы премьер-министр Абдул Рахманды сындагандыгы үчүн өзү кирген уюмдун тизмесинен чыгарылып, депутаттык мандатынан ажыратылат. 1972-жылы өкмөт алмашып, жаңы премьер Абдул Разактын бийликке келүүсү менен Махатхир кайрадан БМУУга мүчө болуп кирет жана 1974-жылы билим берүү министри болуп дайындалып, ошол эле жылы депутаттык милдетти да аркалаган. Билим берүү министри болуп турганда аталган тармактагы көйгөйлөрдү жакшыртууга, тармактын ишинин алдыга жылуусуна болгон күчүн жумшайт.
Премьер болгондон кийинки кадамдары
Малайзиянын бактысына жаралган Махатхир Мохамад 1981-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Хуссейн Онн ден соолугуна байланыштуу кызматынан кеткенден кийин премьер-министр болуп шайланат жана БМУУнун президенти болот. Ишиндеги алгачкы кадамы саясий буйрук менен камалган 21 адамга мунапыс берүү менен жана жолдошу Муса Хитамды өзүнө орун басар кылып дайындоо менен башталат. Андан соң парламенттик шайлоого даярдыкты баштап, шайлоодо 60,5 пайыз добуш алып, парламенттеги 154 орундун 132сине ээ болгон.
1990-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин өз өлкөсүн өнүккөн өлкөгө айландыруу үчүн түзүлгөн “2020-жылга киришүү” долбоорун жарыя кылган. Премьер болгондон кийин Таиландын чегинен Сингапурдун чегине чейинки Түндүк-Түштүк магистралын жана замандаш "Протон" маркасындагы автоунаа өндүрүү долбоорун ишке ашырган. Бийлигин күчтөп алгандан соң кийинки 3 ирет болгон шайлоолордо да жеңишке жетишип, парламенттеги көпчүлүк орунду ээлеп келген. Өкмөттү башкарганына 21 жыл болгондо, тагыраагы, 2002-жылы Махатхир БМУУнун жыйынында өзүнүн жакында отставкага кетерин жана Абдулла Бадавини өзүнүн мураскору экенин жарыялайт. Андан көп өтпөй 2003-жылы 31-октябрда кызматынан кетет.
Малайзияны “Азия арстанына” айлантуу
Махатхир Мохамад 22 жыл өкмөттү жетектеп турган мезгилде Малайзия болуп көрбөгөндөй өзгөрдү. Артта калган өлкөдөн күйүүчү май жана айыл чарба товарынын булагына, өнүккөн алдыңкы өлкөлөрдүн бирине айланды. Бир гана мунай тармагын эмес, жогоруда айтылгандай автоунаа куруу жана спутниктик телеберүү тармагын жолго койду.
1988-1997-жылдар аралыгында өлкөдөгү экономикалык өсүш 10 пайызга жогорулаган, жашоо деңгээли 20 пайызга өскөн, Малайзия Азиядагы туруктуу өнүгүп бараткан өлкөгө айланган. Мунун баары Махатхирдин талыкпаган эмгегегинин, идеясынын, тажрыйбасынын аркасында болду. Эң негизгиси мусулман өлкөлөрүнүн ортосунда “Орток базар” түзүүнү жана виртуалдуу эмес реалдуу бааны сактаган “алтын динар” валютасын сунуш кылат.
Малайзия азыркыдай өнүккөн мамлекет болгонго чейин татаал мезгилдерди да башынан өткөргөн. Мисалы, 1997-жылдагы өлкөнү кризис каптайт, бул учурда көптөгөн сындарга кабылат. Бирок буга карабай Махатхирдин чыныгы лидер экени дагы бир ирет далилденет. Ал өлкө бул абалдан өзү чыга ала турганын айтып, Эл аралык валюта фондунун жардамынан баш тартып коёт. Чындыгында ошондой болду, өлкө кризистен өз алдынча чыгып кетти. Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банк үлгү болчу премьердин кадамы ийгиликтүү болгонун моюндаган.
Махатхирдин айырмаланган кадамдары бул маселеге комплекстүү караганы эле. Өлкөнүн 60 пайызы мусулман, калганы башка динди тутунгандар экенине карабай баарына бирдей укук берип жана үй-бүлөдөгү укуктун сакталышына зор маани койгон. Ошондой эле “Жалпыга билим берүү” жарыясынын астында билим тармагын ийгиликтүү ишке ашырды. 1974-жылы билим берүү министри болуп тургандагы жолго койгон тармагынын үзүрүн көрдү.
Кызматынан кеткен жылдары тажрыйбасы, эмгек жолу, Малайзиянын өнүгүү жолун чагылдырган “Алдыга жол” аталышындагы китебин да чыгарган. Бул китеп жарыкка чыгып, коомчулукка 2009-жылы тараган.
Сулатуучу соңку соккунун бири
Махатхир Мохамад 3 жыл мурун бийликтин партиясына нааразычылык билдирип, сын айтуу менен партиядан чыгып кеткен. Өз алдынча калгандан кийин жаңы партия түзүп, оппозиция менен биригип, 2018-жылы өтө турган парламенттик шайлоого аттанат. Буга чейин жакында кызматтан кеткен өкмөт башчы, бир кездеги өзүнүн шакирти болгон Нажиб Разакты ачуу сындар менен сындап келгени маалым.
Көпчүлүк күткөн парламенттик шайлоо 9-майда болду. Махатхир чыныгы лидер экенин дагы бир жолу далилдеп, Малайзиянын 60 жылдык эгемендик тарыхында биринчи жолу оппозиция жеңишти багындырды. Жеңиштин натыйжасында парламенттеги 222 орундун 113ү "Пакатан Харапан" оппозициялык блогуна тийди. Эгемендик алган 1957-жылдан бери өлкөнү башкарып келе жаткан бийликтеги коалиция үчүн бул чоң сокку болду.