Израил аскерлери менен палестиндиктердин Газа секторундагы кагылышуусунан 59 адам каза болду. Алардын арасында газга ууланып көз жумган 8 айлык кыз болгон. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Газа секторундагы нааразычылык акциясы Израилдеги АКШнын элчилигин Тель-Авив шаарынан борбору Иерусалимге көчүргөндөн улам келип чыкканы айтылат. Кечээ, 14-майда Израилдин өз алдынча мамлекет болгонунун 70 жылдыгына карата өкмөт элчиликти которууну тапшырган.
Израилдик аскерлер баш аламандык уюштургандардын катуу толкуп жаткан жерлеринде ок чыгарган. Анын натыйжасында 59 адам каза болгон. Мындан тышкары 2 миң 700дөй жаран жаракат алган. Бирок өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаниьяху бул аракеттерин коргонуу деп баалады.
Аталган өлкөнүн коопсуздук кызматынын берген маалыматы боюнча, чек аранын 12 тилкесинде 35 миңдей адам акцияга катышкан. Нааразычылык жүрүшүнө чыккандар өз алдынча жасалган жардыруучу зат жана күйүүчү бөтөлкөлөрдү ыргытып, дөңгөлөктөрдү өрттөп, чек аранын тосмолорун сындырууга аракет жасашкан.