Депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында Бажы кызматына жаңыдан жетекчи болгон Алмаз Оңолбековдун ишин сынга алды. Акаевдин айтымында, Оңолбековдун келиши менен аталган кызматта баш аламандыктар орун алууда.
"Оңолбеков деген кишини Бажы кызматына алып келдиңер. Иштегенине 30 күн боло элек болуп жатып Кубанычбек Кулматовго өчөшүп, ошол жакта көп жылдан бери иштеп келген кызматкерлерди жумуштан алып, айрымдарын кызматтан ылдыйлатып өзүм билемдик кылып жатат. Оштогу айдоочулар кайрылып, транзиттик жүктөрдөн кайрадан акча алына баштаганын айтып жатышат. Ар бир фурадан 2 миң доллардан алып жатышыптыр. Менде далилдер бар. Керек болсо кимдер кимге пара бергенин так айтып бере алам. Мындай олуттуу иштер менен жакшылап күрөшкүлө. Премьер-министр буга көӊүл буруп, тийиштүү чараларды көрүшү керек", - деди Акаев.
Айта кетсек, Кубанычбек Кулматов Мамлекеттик бажы кызматынын башчылыгынан өзүнүн берген арызынын негизинде 14-майда кетип, ордуна Алмаз Оңолбеков дайындалган.
Кубанычбек Кулматов кызматтан кеткенден кийин бажы кызматындагы жетекчилик курамдын жарымы кызматтан кеткенин айткан эле. Алмаз Оңолбеков Бажы кызматынын кызматкерлери массалык жумуштан алынып жатканы боюнча маалыматты четке каккан.