Кечээ, 24-майда депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында Бажы кызматына жаңыдан жетекчи болгон Алмаз Оңолбековдун ишин сынга алып, ал кызматка келгенден бери бажы тармагында мыйзамсыз иштер болуп жатканын айткан.
"Оңолбеков иштегенине 30 күн боло элек жатып Кубанычбек Кулматовго өчөшүп, ошол жакта көп жылдан бери иштеп келген кызматкерлерди жумуштан алып, айрымдарын кызматтан ылдыйлатып өзүм билемдик кылып жатат. Оштогу айдоочулар кайрылып, транзиттик жүктөрдөн кайрадан акча алына баштаганын айтып жатышат.
Ар бир фурадан 2 миң доллардан алып жатышыптыр. Менде далилдер бар. Керек болсо кимдер кимге пара бергенин так айтып бере алам. Мындай олуттуу иштер менен жакшылап күрөшкүлө. Премьер-министр буга көӊүл буруп, тийиштүү чараларды көрүшү керек", - деген Акаев.
Биз бул боюнча Мамлекеттик бажы кызматына байланышканыбызда, алар бул тууралуу териштирүү иштери жүрүп жатканын айтып, башка маалымат бере албасын билдиришти.
"Учурда биздин жетекчилик тарабынан депутаттын сөзүнө байланыштуу териштирүү иштери жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү мунун чын-төгүнү аныкталат", - деди бажы кызматынын малымат катчысы.