"Шаардык кеңештин сессиясы соттук отурумга айланып кетүүдө". Мындай пикир менен бүгүн, 29-майда Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында борбор калаанын мэри Албек Ибраимов депутаттарга кайрылды.
"Муниципалдык кызматтын отчёту "канааттандырарлык эмес" деп табылды, ар бир мекеме өз бааларын алышты. Жетекчилерди кандайдыр бир берене менен кызматтан алуу керек дейсиңер, ансыз да арызын жазып кызматынан кетишти.
Мен мурдагы команда менен иштеп жатам, бул жердегилердин 90 пайызы мен келгенге чейин эле эмгектенип келишкен. Бир нече адамдар алмашты, алардын буга чейинки иши "канааттандырарлык эмес" деп табылды. Силердин оюңарда 3 күндүн ичинде бардык суроого жооп берүү мүмкүнбү? Араңарда мэрияда иштөөгө даярлар бар болсо сунуштагыла, эртең кызматка коюуга даярмын, анан 3 айдан кийин отчётун угабыз", - деди мэр.