Жогорку Кеңеш мыйзамсыз жүк ташыган айдоочуларга 50 миң сом айып пул салган мыйзам долбоорун четке какты

Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзамсыз жүк ташыган айдоочуларга 50 миң сом айып пул салган мыйзам долбоорун үчүнчү окуу учурунда четке кагышты. Буга айрым депутаттардын мыйзам долбооруна каршы чыгуусу түрткү болду. Алардын айтымында, мыйзам долбоору 2-окууда чет өлкөлүк айдоочуларга гана тийиштүү экендиги айтылса, 3-окууда Кыргыз жериндеги айдоочуларга да тийиштүү болуп чыга келди.

Депутат Улан Примовдун айтымында, мындай чектөө жүк ташуучулардын арасында нааразычылыктарды пайда кылат. "Мурда өкмөттүн башка өкүлү келип "мыйзам долбоору жергиликтүү айдоочуларга тиешеси жок" деп айткан. Азыр башка өкүл келип алып тиешеси бар экенин айтып жатат. Демилге биздин айдоочулардын нааразычылыгын пайда кылат. Ошондуктан экинчи окуу режимине кайтаруу керек. Андан сырткары Жогорку Кеңешке келип туура эмес маалымат берип, депутаттарды алдаган аткаминердин жоопкерчилигин караш керек", - деп айткан Примов.

Бирок төрага Дастан Жумабеков мыйзам долбоору тармактык комитеттин чечими менен гана экинчи окуу режимине кайта турганын айтып, мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
fanatkg
2018-06-07 17:46:48
Мыйзамсыз ташыса, айып салыш керек!!!
0
Malik92
2018-06-08 08:48:55
fanatkg,Мыйзамдуу жук ташуу учун окмотко очойгон налог толош керек.Ал налог жепжутаттардын балдарынын окуусуна,токолдорун ээрчитип круизге чыгуусуна эле кетет.Карапайым айдоочу эл озунун уй булоосун багабы
,же боккурсактарды багабы?
0
surgeon777
2018-06-08 10:06:26
Жогорку Кенеш ойгонуп иш кыла баштаган экен,козун жумуп алып эле ойлонбогон бир кнопка баскычтар деп журдум эле,смотрю оживают уже...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан