Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында жайгашкан №19-абакты кайтарган жоокер өзүн-өзү атып каза болду. Мындай маалыматты Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова SUPER.KG'ге билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 6-июнь күнү болжол менен саат 10:40та болгон.
"Өзүн атып алган жоокер 2000-жылы туулган Б.А. экени аныкталды. Аскерде кызмат өтөө үчүн өлкөнүн түштүк аймагынан чакыртылган жаш жоокер болчу. Ал күзөттө кызмат өтөп жаткан жеринен автоматты ээгине такап өзүн атып, каза болгон. Баланын ата-энесине кабар берилген. Бул окуяга байланыштуу аскер прокуратурасы иликтөө иштерин жүргүзүүдө", - деди маалымат катчы.
Айта кетсек, Жаңы-Жер айылындагы №19-абакты Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин 12-ротасы кайтарат. Аталган абакта өмүр бою эркинен ажыратылгандар жаза өтөшөт.