Кыргыз мамлекети Өзбекстанга электр энергиясын экспорттой баштады

Кыргыз өлкөсүнөн Өзбекстанга электр энергиясын экспорттоо иши башталды. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өлкөнүн электр энергиясын жана суу ресурстарын натыйжалуу колдонуу максатында ушул жылдын жай айларында Өзбекстанга электр энергиясын экспорттоо маселеси сүйлөшүлдү. "Электр станциялары" ишканасы менен Өзбекстандын "Өзбекэнерго" ишканасынын сүйлөшүүсүнө ылайык, электр энергиясын экспорттоо ушул жылдын 8-июнунан август айына чейин уланат. Жалпысынан 500 миллион киловатт саат энергия экспорттолсо, бир киловатт энергия 2 АКШ центине (1 сом 50 тыйын) бааланган.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү планга ылайык экспорттоого жол берет жана канча көлөмдөгү энергия кетип жаткандыгы сутка сайын эсептелип турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Tolkun555
2018-06-08 11:51:11
Казактардан жалган айтпасам 5 сомдон алган белек 3-4 жыл мурда
+16
tynchy
2018-06-08 11:52:34
Сууну сатпай светти сатсанар сууну сатып жиберип биздин элди да светсиз калтырбай. Сатат десе барын сатып жибербей биздин элден ашканын гана сатыш керек
+8
fantomas
2018-06-08 12:08:07
Менден Окмот менен Сокеге суроо:

Эмнеге Озбекистанга 1 кВт электр энергиясы 1 сом 40 тыйындан (2 цент 1,5 сом болбойт) сатылат да, ал эми карапайым эл 700 кВттан ашкан кундо, ар бир кВт электр энергиясына 2 сом 16 тыйындан толоп келет?!!

Озбектерге 1,4 сомдон сатып, оз элине 2,16 сомдон саткан бийликти кандай атаса болот?!!

Бул 700 кВттык чектоо Кыргызстан Казахстандан ар кВт электр энергияны 5 сомдон сатып алган жылы убактылуу корунуш деп атады эле...
+14
fantomas
2018-06-08 12:12:42
Андай болсо эмнеге ошол 700 кВттык чектоо арадан 5-6 жыл отсо да жоюлбай келет?!!

Эй Соке, элди тоногонунду токтотчу!!!

Элге 2 сом 16 тыйындан саткыча, Озбекистанга 4 цент (2,8 сом) же 5 центтен (3,5 сом) сатсан болбойбу?!! Казахстандан 5 сомдон деле сатып алып журдунор эле го?!!

Мен Супердин жамаатына кайрылып кетем. Бул убактылуу чектоо деп киргизилген 700 кВттык чектоо эмнеге жоюлбай келгенин Окмот менен Сокеден билип бергилечи...

Соке, сен
+12
fantomas
2018-06-08 12:18:15
Бишкектин жаны конуштарында ит кепедей болгон уйлордо квартиралап жашаган канчалаган адамдар бар, жаш уй-булоолулор да, бойдоктор да... Ошолор кышы менен электр энергиясы менен иштеген ток печкаларга тамак жасап, ошого жылынып эптеп кыштан чыгышат...

+9
bekmaral
2018-06-09 01:29:25
fantomas,баары эле колунда жок жаш уй-булолор 2.16 квартирада толошот.Бул бети жоктор узбекстанга 1.50т сатат.
+2
fantomas
2018-06-08 12:20:07
Бишкек менен Ош шаарынан башка шаарлардын копчулугундо ТЭЦ жок, кышында отопления бере турган. Ошол шаарлардагы этаж уйлордо жашаган тургундар кышында электр энергиясы менен иштеген обогревателдерге куну калат. Же этаж уйдо комур печка кобга шарт болбосо...

Ошолор кыштын куну электр энергиясы учун ай сайын э 3000-5000 сомдон толошот, ото уномдогон кундо, болбосо 10 мин сомдон да ашып кетет...

Мына ошолорду ким ойлонду?!! Оз элин карактоо биздин бийликке жагат окшойт ээ?
+6
didu
2018-06-08 12:39:05
озубуздон ашып башка олкого сататурган денгеелге жетип калыпсынар, анан эмнеге 700 деген чектоону албайсынар
+8
fantomas
2018-06-08 12:49:39
Ушул чындыкты жазганымды коро биле туруп, атайылап минус баскан туркойлорду эч тушунбоймун...

Же оздору ошол койгойду айтып чыга албаса, же башкалар айтса коро албаса...

Айрыкча Жээнбековдун кошоматчылары менен диний фанаттардын тушуно кирип баштадым го, комменттерди окубай туруп минус басып киришет...))

Бул да болсо алардын туркойлугунун белгиси...
+9
Sultana17
2018-06-08 13:08:39
Айланайындар кыйын болуп экспортобой биринчи озубуздун элди от и до камсыз кылгыла андан кийин экспорт болсун озубузго жетпеген светти Озбектерге сатпай
+7
fantomas
2018-06-08 13:10:07
Озу эл эптеп кун коруп жатса, тапкан кирешеси биртке, ал эми калган нерсе бут кымбат болсо, комурдун тоннасы 3000 сомдун усту. Базарга 1000 сом менен тушсон, кыйратып продукты келбесе, кийим-кеченин баасы асманда, 500 сомго кытайдын дермантин туфлисин сатып киесин. Орточо бут кийимдердин баасы 2000 сомдун тегереги. Айлык маяна болсо 5000-9000 сом копчулукто, элет жеринде. Анан жер салыгы, суу салыгы, соц.фондго салык, камсыздоого акча, электр энергиясына акча олчойгон...
+10
asman.81
2018-06-08 14:03:33
Fantomas,эн туура элдин койгойун айттын.Козуно корунгонду сатып жеп турбаса,курсагы кучак жеткис чондордун курсагы курулдап кетпейби?Капчыгын толтуруп турбаса,катындары чет олкого саяккатабай,ойноштору лексус минбей,балдары долларды уучтап,престижный мектептерде,окуу жайларда окубай калбайбы?
+7
knk
2018-06-08 16:32:09
Башкаларга 1сом 50тыйындан өзүбүзгө 2 сом 16 тыйындан болобу.
+2
shahlet
2018-06-08 20:13:33
эми жакшы бизнес башталган турбайбы бул жакта!!!
+3
Pamirlan
2018-06-09 07:51:02
Алып кирип эле жатышат. Элди ойлогон эч ким жок. Кыргызстан ды кудай эле сактап турат
+2
PROS
2018-06-09 11:05:41
Светке бааны көтөрүү "грех" деген киши светтин баасын 2.16 сом кылып койду эле эч ким унчукпады го ((( эми минтип өз элибиз 2,16 сомдон өзгөлөр 1,50 сомдон сатып алабыз!!! Мындан өткөн кыргыз элинин душманы барбы??? "Кыргыз көчү" чынында уланууда, бирок биз аны сезбей жатабыз!!! "Костюму жарашты", "Кытайларга кыргызча сүйлөдү" деп мактап эле жатып калдык!!! Коррупция менен деле күрөшпөй жатканы уже билинип калды!!! Сөздүн кыскасы Соке жарабайт экен!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан