Жыл башынан бери өлкө аймагында иш менен камсыз кылуу кызматтарында эсепте турган жумушсуздардын саны 83 миң 500 адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, катталгандардын ичинен расмий жумушсуз макамы барлар 61 миң 800 адам.
"Республика боюнча экономикалык активдүү калктын саны 2 миллион 547 миң адам. Жыл башынан бери жумушсуздар эң көп катталган аймак - Нарын облусу. Анда 5 миң 800 адам, тагыраагы, калктын 4,5 пайызы жумушсуз. Андан кийин Жалал-Абад облусунда 24 миң 500 адам (4,2 пайыз) жумушсуз. Ал эми жумушсуздар эң аз Бишкек шаарында 7 миң адам (1,1 пайыз) жана Чүй облусунда 6 миң 400 адам (1,4 пайыз) менен катталган", - деп айтылат маалыматта.
Акыркы төрт айда иш менен камсыз кылуу кызматы 8 миң 500 бош иш орунду аныкташкан. Бир бош орунга 13 адам талапкер болгон.