Жол эрежелерин сактоодо, айып пул төлөөдө адилеттүү мамиле жасалбай жатат. Мындай сынды 13-июндагы парламент жыйынында депутат Дастан Бекешев айтты.
“Видеобайкоолор качан орнотулат? Убакыт өтүп жатат. Кырсыктар көбөйүп, майыптар да көбөйүүдө. Жол эрежесин бузгандагы теңсиздикти кантип жоёсуздар? Чоңдор айып төлөбөй жатат да”, - деди Бекешев.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында видеобайкоолор күз мезгилинде коюларын айтты.
“Бишкек шаарына видеобайкоолорду коюу күздө башталат деп пландап жатабыз. Азыр 4 видеобайкоо орнотулган. Анын ишин анализдеп жатабыз. Аталган аппарат 6 түрдүү жол эрежесин аныктайт. Биз мындай камераларды эл көп жайгашкан жерлерге да коёлу деп жатабыз. Ким болбосун айып пулду төлөйт. Себеби акчаны барып төлөгөнгө чейин анын алдында эч ким болбойт. Баарына бирдей шарт түзүлөт", - деди.
"Аталган долбоорго мамлекеттин каражатын пайдаланбайбыз. Биз конкурс менен кызматташ компанияга ишти өткөрүп беребиз. Алар сүрөткө, тасмага түшүп калган материалдарды бизге сатат. Ошентип алар пайда табат. Биз алардын иштөө тартибин, эрежелерин аныктап беребиз. Тендер эмес, конкурс жарыяланат", - деп кошумчалады Боронов.
Учурда Жогорку Кеңеште жол кыймылынын коопсуздугу жана "Коопсуз шаар" долбоору боюнча өкмөттүк саат өттүүдө.