Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун үстүнөн УКМКга арыз жазылды. Бул тууралуу арыздануучу сүрөтчү Азамат Жаналиевдин жактоочусу Искен Афиджанов билдирди.
Жаналиев эмне себептен арыз менен кайрылганын төмөнкүдөй түшүндүрдү. "Бул акем менин кайрылуума жооп берген жок. Эми өзүмдүн тапкан мээнетимди кайтарып алыш үчүн мен өйдө жакка арыз менен кайрылам. Адилеттүүлүк болот деп ишенем.
Мага "ханзаада Хамдандын өкүлү келип сүрөтүңдү алып кетти, ханзаада сүрөттөрүмдү көрүп мени чакырууну талап кылган" деген маалымат келген. Көрсө жөн эле мени алдашкан экен. Кыскача айтканда, бул акем менин Дубайдагы коллекциондук сүрөттөрүмдү өз кызыкчылыгында консулдан алып чыгып, өзүнүн долбоорунун негизинде берген", - дейт Жаналиев.
Анын арызына ылайык, 2017-жылы Икрамжан Илмиянов сүрөтчүдөн Алмазбек Атамбаевдин мык жана жиптен жасалган портретин 10 миң долларга сатып алып, 2 миң 500 долларды аванс катары берип, калганын бербей койгон.
УКМКга мындай арыз түшкөнүн мекеменин басма сөз кызматынан ырасташты.
Икрамжан Илмияновдун тарабы айыптоолорду четке кагууда. КСДПдан билдиришкендей, сүрөтчү Атамбаевдин портретин 2 миң 500 долларга саткан, ал эми 10 миң доллар тууралуу сөз болгон эмес. Ошондой эле Илмиянов сүрөтчү акчаны кайтарып берсе, портретти кайтарууга даяр экенин партиядан баса белгилешти.