Кыргыз өлкөсүндө түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын кезектеги жыйынын өткөрүү максатында уюштуруу комитети түзүлдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кезектеги саммит 3-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өткөрүлөт.
Уюштуруу комитети Кыргыз Республикасында түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын кезектеги жыйынын өз убагында даярдоону жана ийгиликтүү өткөрүүнү, ошондой эле чет мамлекеттердин башчыларын жана расмий делегацияларды кабыл алууну камсыз кылуу максатында түзүлдү.
Уюштуруу комитетин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жетектейт. Анын курамына тиешелүү мекемелердин, комитеттердин жана кызматтардын жетекчилери, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Чолпон-Ата шаарынын мэри кирди.