Дүйнөдөгү эң түрү суук ит аныкталды

АКШда дүйнөдөгү эң түрү суук итти аныктаган сынак өтүп, анда англиялык бульдог тукумундагы Жа-Жа аттуу ит жеңүүчү деп табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, түрү суук деп табылган иттин ээсине 1 жарым миң доллар акчалай байге берилген. Иттин кожоюну Жа-Жаны сайт аркылуу тапкан. Кожоюн иттин тилинин узундугу анын өзгөчөлүгү деп белгилеген.

Белгилей кетсек, аталган сынак АКШнын Петалума шаарында 30-ирет өткөрүлгөн. Ал эми баш байге үчүн 14 ит ат салышкан. Сынактын уюштуруучулары бардык жаныбарлар сырткы келбетине карабай камкордукка алынышы керектигин, алар кароого муктаж экендигин айткысы келерин билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан