Депутат Нарында жашап жаткан памирлик кыргыздар кетүүгө ниеттенип жатканын айтты

Ооганстандын Кичи Памир жана Чоң Памир жергесинен келген эки үй-бүлө Кыргыз мамлекетинен кетүүгө камынууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 28-июндагы жыйынында депутат Жанар Акаев айтып чыкты.

Анын айтымында, өкмөт аларга жетиштүү көңүл бурбай койгон. "Нарынга көчүп келген памирлик кыргыздар менен бир нече күн мурун жолуктум. Алар памирликтерди жылуу кабыл алып, жардам берген Нарын облусунун тургундарына ыраазычылыктарын айтышууда. Бирок аларга жер бөлүп берүү тууралуу убада берилип, унутулуп калган. Албетте, ал үй-бүлөлөрдү Кыргыз жергесине алып келген жакшы, бирок өкмөт тарабынан аларга жетиштүү көңүл бурулбай жатат. Мындан улам 2 үй-бүлө кетүүгө ниеттенүүдө. Бул чоң уят", - деди Акаев.

Депутат өкмөттүн парламенттеги өкүлүнөн бул маселени вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбековага жеткирүүнү суранды.

Эске салсак, 2017-жылы өлкөгө Кичи жана Чоң Памирден 6 үй-бүлө, тагыраагы, 33 этникалык кыргыз келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
bibi87
2018-06-28 15:14:48
Казакстан этникалык казактарга жон эле жерди берип койбой, ал жерге уй тургузуп, ар бир жаранга 5мин доллардан берет. Уй булодо 4адам болсо, 20 мин доллар. Биздикилер сагызгандай сайрагандан башкага жарашпайт, куру убада. Жеп ичкенден тажашпады же тоюшпады
+20
Nurtilek82
2018-06-29 00:54:27
bibi87, тууганым доллар эмес мамлекеттин карызын толошуп койгулачы деп жатканда
+5
Tolkun555
2018-06-28 15:25:03
Алардан да пайда корбосо биздикилер конул бурбай калды го.бир нече миллион которулса сразу жетип барышат. Бир четинен илип калсам деп.
+17
pyeon hwa
2018-06-28 15:38:11
Уят! Булар Кыргызстанга баруу ар бирибиздин мечтабыз деп журсо, кечирип койгула Памирлик кыргыздар!
+18
Nuri1988Elim2010
2018-06-28 15:51:34
Памирлик Кыргыздар эмес,озубузго жер жокко.Биздин айылда толтура.Тим эле акылдуу болуша калат.
-13
pyeon hwa
2018-06-28 16:09:03
Nuri1988Elim2010,озубузго жер жок дегенин кандай?? Корея бизден кичинекей 55млн калк кенен эле батып жатат го
+4
vikidiki
2018-06-28 16:57:52
Nuri1988Elim2010,Каяктан жер жок, бар толтура. Акчага сатып алыш керек, элдин акчасы жок. Ошон учун жер жок деп ойлойсунар. Памирлик боордошторубузга бироолор сатып берсе анан беришет булар жерди. Азыр бизде бекер даже српавканын кагазын да ала албайсын. Айласы кеткенде бланкага 10сом деп алып калышат. Анан кайдагы бекер жер. Ишенбейм булардын колунан келээрине.
+8
Rasul94
2018-06-28 20:42:02
Nuri1988Elim2010,кошулам созуно.алардан башка дагы ак калпакчан атуулдар журот жардамга муктаж болуп. Буларда пайда жок
-7
bond02
2018-06-28 16:04:20
Памирлик туугандарды да убара кылыпсынар да.
+5
Daak9091
2018-06-28 16:32:52
Кайдагы памирди эстешсин бирин камап бирин чыгарып жатса мамилекетибиз саяасат менен жашап калды
+5
altyn7776
2018-06-28 22:51:17
Мына АША эле 9 гектар жерди эн сонун Кой Таштан ээлеп алып, же ал жерге жашабай миллиондорду кетирип резиденцияга уй салды. Мына биздин бет! Эркин болсо, бер таратып... ХХХХХХХХХХ
+4
Nurtilek82
2018-06-29 00:50:22
altyn7776, туура айтасын тууганым 9 гектарга кеминде 20 уй булоо батат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан