Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева кайсы үч судьяга кылмыш иши козголгонун так айта албай турганын белгиледи. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-июлда маалымат жыйында билдирди.
Ал токтомдун көчүрмөсү менен таанышпаганын айтты. "Кимдерге кылмыш иши козголгонун так айта албайм. Бирок көрсөтүлгөн иш боюнча тиешелүү органдар юридикалык баа берет", - деди ал.
Эске салсак, кечээ, 2-июлда Башкы прокуратура көзү азиз акын Темирлан Ормуковдун мыйзамсыз камалышы боюнча Жогорку Соттун үч судьясына, Жогорку Соттун аппаратынын жана Бишкектин №1-СИЗОсунун жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.