Оштун мэрлигине шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы Таалайбек Сарыбашовду сунуштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаардык кеңешинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, көпчүлүк коалицияга кирген КСДП, “Бир Бол” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары бир добуштан Ош шаарынын мэрлигине Таалайбек Сарыбашовду сунуштаган.
Басма сөз кызматы кошумчалагандай, 9-июлга карата мэрликке талапкер катары Сарыбашовдон башка эч ким жок.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормоновдун айтымында, көпчүлүк коалициясы Сарыбашовду көп жылдык тажрыйбасын эске алуу менен анын талапкерлигин бекитип берди. "Башка оппозициялык партиялардын талапкери боюнча менде маалымат жок. Биз бир добуштан Таалайбек Сарыбашовду бекитип бердик", - деди Ормонов.
Оштун мэрин шайлоо 18-июлда өтөт.
Мыйзамга ылайык, Ош шаарынын мэри кызматына талапкерди сунуштоо укугу шаардык кеңештеги фракцияларда, коалицияларда жана премьер-министрде бар.
Өмүр баяны
Сарыбашов Таалайбек Насирбекович 1971-жылы Алай районунун Гүлчө айылында туулган. Жогорку билимдүү. 2008-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтунун юриспруденция адистигин аяктаган.
1989-1991-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1989-жылы - Алай районундагы автобазада слесарь;
1991-2008-жылдары - сатуучу, базардын директору, жеке ишканада эсепчи;
2008-жылы - Алай райондук кеңешинин депутаты;
2012 -2015-жылдары - Алай райондук администрациясынын башчысы;
2015-жылдан баштап өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенип келген.