III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн 5 миллион 500 миң сомго 356 ат ижарага алынат. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт комитетинин спорттун улуттук түрлөрү бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Руслан Жуманазаровдун SUPER.KG'ге билдиришинче, аттарды чет өлкөдөн келген командалар минип оюнга катышат.
“Чет өлкөдөн келген көптөгөн командалар оюнга өздөрүнүн аттары жок келишет. Ошон үчүн аттарды ижарага алууга туура келет. Учурда аттарды ижарага алуу боюнча тендер жарыяланды. Колдон келишинче мыкты аттарды алууга аракет кылабыз. Аттар бардык талапка жооп берген, чыдамкай, кежир эмес, бою 150 сантиметрден ашпаган, быштыдан 7 асыйга чейинки (4 жаштан 11 жашка чейин) куракта болууга тийиш. Ижарага алынган аттарды көк бөрү, эр эңиш, салбуурун жана жаа атууга катышкан оюнчулар жана калыстар минишет”, - деди Жуманазаров.
Айта кетсек, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш аземи 2018-жылдын 2-сентябрында саат 20:00дө өтөт. Ал эми жабылыш аземи 2018-жылдын 8-сентябрында саат 20:00дө орун алат.