Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети телефондорду каттоодон өткөрүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарганы коомдо кызуу талкууга жем таштады.
Себеби анда ар бир телефонду каттоодон өткөрүү үчүн 100 сом өлчөмүндөгү каражат төлөө керектиги айтылган. Айрым интернет колдонуучулары "Бул Бакиевдин учурундагы 60 тыйындын башка версиясы" деген ойлорун айтып жатышат.
Бүгүн, 24-июлда маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев, орун басары Эшмамбет Аматов маалымат жыйынын өткөрүштү. SUPER.KG порталы коомдун кызыгуусун жараткан бир нече суроолорго жооп алууга аракеттенди.
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин айтымында, бул долбоор өлкөгө телефондорду аткезчилик жол менен ташуунун алдын алат.
"Азыркы долбоор Бакиевдин учурундагы 60 тыйын сыяктуу версияга жакындашпайт"
- Бул "Бакиевдин учурундагы 60 тыйын сыяктуу нерсе" деген туура эмес, ал версияга эч кандай тиешеси жок. Бул долбоордун максаты - чек арадан өтүп жаткан телефондорду каттоодон өткөрүү. Ошондой эле аткезчилик жол менен өткөн, уурдалган телефондордун биздин өлкөгө кирүүсүнө бөгөт коёт.
Ар бир телефонду каттоо үчүн коюлган 100 сом өлчөмүндөгү баа Экономика министрлигинде катталган баа, төмөнкү көрсөткүчтөгү баа катары Жогорку Кеңеште бекитилген. Бул баа көтөрүлбөйт, тескерисинче, төмөндөшү мүмкүн. Бул каражат толугу менен казынага түшөт.
Аталган долбоор мамлекетке таандык болгондуктан бардык каттоо мекемелери мамлекетке таандык болот. Бардык телефондордун IMEI-коддору мамлекеттин карамагында сакталат. Башка байланыш компаниялары сим-карталарды каттоого ала берет. Ал эми телефондун IMEI-коддору мамлекетте болушу керек. Каттоо учурунда болгону IMEI-коддор алынат, жаран жөнүндө эч кандай маалыматтар алынбайт.
Телефондорду каттоону акысыз кылууга болбойт болчу, тейлөө иши, кызматкерлердин, адистердин айлык акысын төлөө керек.
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов коом жаңылыш түшүнүп алгандыгын белгилеп, каттоонун жол-жоболорун айтып берди.
"Сырттан келген жаңы телефондор каттоодон өтпөсө, 2 айдан кийин өчүрүлөт"
- Өлкөгө кирген ар бир жаңы телефон бир эле IMEI-код менен катталат. Мыйзам кабыл алынып, эрежелер иштей баштагандан кийин азыр биз ар бирибиз колдонуп жүргөн телефон автоматтык түрдө каттоодон өзү өтөт. Биз эч жерге барбайбыз, эч кандай каражат төлөбөйбүз. 100 сом деген баа чек арадан өтүп жаткан, жаңы келген телефондорго коюлган. Бул баа 2016-жылы Жогорку Кеңеште мыйзам чегинде кабыл алынган, анын негизинде 100 сом өлчөмүндөгү бааны коюп жатабыз.
Телефонду каттоону сим-картаны каттаган байланыш кызматтарына өткөрүп берүүгө болбойт болчу. Сим-картанын коддон айырмасы бар, сим-картаны жарандар алмаштырат, жаңылайт. Ошол эле учурда телефонду жарандар жылда алмаштырып турушу толук мүмкүн. Ошол себептен эки башка тартипте кетет. Эң биринчи кезекте, учурда коомдо телефон уурдоолор көп болуп жатат, канча телефон аткезчилик жол менен келип жатканын билбейбиз. Сырттан телефондорду мыйзамсыз алып келгендер ойлонушу керек, эгер мыйзам иштегенден кийин мыйзамсыз телефон ташыгандар алып келген телефондор биздин аймакта иштебейт. Мыйзам кабыл алынып, күчүнө киргенден кийин сырттан келген телефон каттоодон өтпөсө, телефону 60 күндөн кийин өчүрүлөт. Ошол себептен ар бир телефон өлкөгө каттоо жолу менен келиши керек.
Алдоо жолу менен же мыйзамсыз жол менен алып келип сатууга жол берилбейт. Чек арадан ар бир телефон каттоодон өтүшү керек, каттоодон өтпөгөн телефонду бажы кызматкерлери өткөрүүгө акысы жок.
"Өлкөдө телефон колдонуп жүргөн ар бир жаран эч кандай акы төлөбөйт"
- Азыр бардык жарандар "ар бирибиз 100 сом төлөйт экенбиз" деп ойлоп жатат. Мен тактап коёюн, азыр өлкөдө телефон колдонуп жүргөн ар бир жаран эч кандай акы төлөбөйт. Бул 100 сом өлкөгө кирип келе жаткан жаңы телефондорго төлөнөт. Эгер бир адам ишкер болуп сырттан Кыргыз мамлекетине 1000 телефон алып келе жаткан болсо, ар бир телефонду ошол ишкер каттоодон өткөрүп, акчасын төлөйт, ал эми жөнөкөй жарандар каттоодон өтүп, өлкөдөгү дүкөндөргө чыккан телефондорду сатып алып гана колдоно беришет. Эл азыр "өкмөт элден дагы 100 сомдон чогултат турбайбы" деп ойлоп жатат, жок, андай эмес.
Бул долбоор коомдук талкуудан, мыйзамдуу баскычтардан өтүп, техникалык жабдууларды убагында алганга үлгүрүп калсак, 2019-жылдын 1-январынан тартып ишке кирет. 1-январда ишке кирбесе, 2019-жыл ичинде долбоор ишке ашат деген пландар бар.