Белгилүү 23 жаштагы киберспортчу компьютердик оюндар үчүн дүйнөдөгү эң сексуалдуу алып баруучулардын катарын толуктаган сүйүктүүсүнөн кол үздү. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Дуглас Мартин өзүнүн 26 жаштагы сүйүктүүсү Янет Гарсия менен болгон мамилесин компьютердик оюндарга көбүрөөк көңүл буруу үчүн үзгөн. "Call of Duty" оюнун ойногон "compLexity Gaming" командасынын мүчөсү болгон Геймер көңүлүн оюнга буруп жатканын, мындан улам анын сүйүктүүсүнө көңүл бурулбай азап тартып жатканынан улам аны коё берүүнү туура көргөнүн кошумчалаган.
Бул арада Янет өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына "мен капамын" деген билдирүү калтырган. Ал эми интернет колдонуучулар ал өзүнүн чыныгы сүйүктүүсүн келечекте жолуктурарын жазышкан.
Айта кетсек, мексикалык Янет Гарсия аба ырайын алып барган дүйнөдөгү эң сексуалдуу айымдардын бири деп табылган. Ошондой эле бир нече ирет чоңдорго арналган журналдардын башкы бетине чыккан.