"Кыргыз Республикасынын аймагында уюлдук байланыш жабдууларын идентификациялоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтом долбооруна карата өкмөттүн аппараты билдирүү таратты. Билдирүү өкмөттүн расмий сайтында жарыяланган.
Билдирүү:
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" мыйзамдын 22-беренесине ылайык "Кыргыз Республикасынын аймагында уюлдук байланыш жабдууларын идентификациялоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтом долбоору өкмөттүн расмий сайтына 2018-жылдын 4-июлунда коомдук талкууга коюлган.
Ишкер чөйрөсүнүн, жарандык тармактын өкүлдөрү бир айдын ичинде токтом долбоорун иштеп чыккан Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине токтом долбоору боюнча өздөрүнүн сунуштары жана эскертүүлөрү менен кайрыла алышат.
Иштеп чыгуучу орган бардык сунуштарды жана эскертүүлөрдү эске алуу же четке кагуу боюнча ар бир чечимди негиздөө менен иш жүргүзөт. Коомдук талкууга коюлган соң көрсөтүлгөн токтом долбоору министрликтерден жана ведомстволордон макулдашуудан өтөт, андан кийин өкмөттүн аппаратына кароого киргизилет.
Эгерде ченемдик укуктук актынын долбоору өлкө кызыкчылыктарына дал келбесе, аймактык бүтүндүгүнө жана мамлекеттин коопсуздугуна зыян алып келсе, өлкөдө бизнес жүргүзүү шарттарын начарлатса, анда премьер-министр кол коюуга киргизилген долбоорду четке кагуу укугуна ээ.
Премьер-министр акыркы чечимди кабыл алууда улуттун жана карапайым жарандардын кызыкчылыктарын эске алат.
Айта кетсек, өкмөттүн телефондорду 100 сомго каттоодон өткөрүү боюнча токтом долбоору коомчулукта кызуу талкууга жем таштады. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети бул маселе боюнча атайын жыйын өткөргөн.