Франциялык Бенжамен Павардын укмуштуудай соккусу Дүйнө чемпиондугундагы эң мыкты гол деп аталды

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Франция курамасынын оюнчусу Бенжамен Павардын укмуштуудай соккусун Дүйнө чемпиондугундагы эң мыкты гол деп атады.

Бенжамен Павар Дүйнө чемпиондугунун жарым чейрек финалынын алкагындагы Франция-Аргентина беттешинде айырмаланган. Ал 57-мүнөттө алыскы аралыктан сокку узатып таамай болгон. Франция-Аргентина беттеши 4:3 эсебинде аяктап, франциялыктар чейрек финалга өткөн.

Мыкты гол онлайн-тандоо аркылуу аныкталган. Алдыңкы 3 мыкты голго колумбиялык Хуан Кинтеро жана Лука Модричтин голдору дагы кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Timon
2018-07-27 07:04:42
Начонун голу да соонун болгон ошону да киргизсе болмок...
0
ilgizk
2018-07-27 11:28:25
Эң сонун голду тандаптыр
+4
Modric10
2018-07-27 11:55:46
акыйкат баалаптыр болот ушул гол корунбой барып кирген
+1
saliha55
2018-07-27 17:01:34
ди мариянын голу жокго
-2
anonymous
2018-07-27 23:33:01
Модричтин голу дагы жакшы экен
+1
erjigit-e.15
2018-07-28 14:07:22
Серышев да жакшы гол киргизген
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан