ЖЫЛНААМА, 29-ИЮЛЬ: Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков 41 жашка чыкты

Учурда абакта отурган мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков бүгүн, 29-июлда 41 жашка толду. Ал 1977-жылы 29-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн. 1999-жылы Кыргызстан Эл аралык университетин аяктаган. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. "Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси" дипломатиялык рангы бар. 2016-жылы июнь айында Кыргыз мамлекетинин улуттук кызыкчылыктарын коргоого кошкон салымы үчүн 2-даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.

Сапар Исаковго Бишкек ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш иштин негизинде 29-май күнү "коррупция" беренеси менен айып тагылган. 5-июнда УКМКга бешинчи ирет суракка чакырылып, ошол күнү Биринчи Май райондук соттун чечими менен эки айга камакка алынган. Райондук соттун чечимин Бишкек шаардык соту 13-июнда, Жогорку Сот 24-июлда күчүндө калтыран.

Эмгек жолу:

1999-2003-жылдары Кыргызстан Эл аралык университетинде окутуучу;

2003-2007-жылдары атташе, 3-катчы, 2-катчы, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин бөлүм башчысы;

2007-жылдын апрель-август айлары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;

2007-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы;

2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин коммуникациялар кызматынын жетекчиси;

2010-жылдын апрель-август айлары Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы;

2010-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

2011-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басарынын рангында тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

2017-жылдын март-август айлары - президенттин аппарат жетекчиси;

2017-2018-жылдары - премьер-министр;

2018-жылдын 19-апрелинде Жогорку Кеңеш Сапар Исаков баштаган өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Президент бул чечимге кол коюп, өкмөттү отставкага кетирген.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rystambekkg
2018-07-29 21:24:03
Туулган кунун кут болсун жакшы майрамда
+4
Mederbek0811
2018-07-29 23:26:31
Ылайым эл ырыскысын жеген,мекенге чыккынчылык кылган коррупционерлердин баары туулган кунун турмодо белгилеп калсын!
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан