SUPER.KG порталындагы "Соңку кабар" бөлүмүнүн "Элдик кабар" рубрикасына окурман "Чет жерде иштеп кыйналган мекендештерибизди эми айдоочулар азапка салды" деген билдирүүсүн жөнөткөн. Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрилигине кайрылып төмөндөгүдөй жооп алдык.
"Бул көйгөй боюнча биз автобустун айдоочусун эртең, 2-августка сүйлөшүүгө чакырдык. Анын бул аракеттеринин чоо-жайын сурап, жумуштагы шалаакылыгы үчүн тиешелүү чараларды көрөбүз, жоопкерчиликке тартабыз. Мындай нааразычылык бул айдоочуга карата алгачкы жолу болуп жатканына байланыштуу мыйзамдын негизинде ага миң сом айып салынат. Эгерде ал ишине так болбой, ушул көрүнүштү кайталаса, биз айдоочунун лицензиясын алабыз. Мындан тышкары окурман айткандай, алыскы жолго тиешелүү болгон унаанын ичиндеги шарттары тууралуу да сүйлөшөбүз", - деп билдиришти министрликтен.
Эске салсак, окурман: "Санкт-Петербург-Бишкек багыты боюнча жүргөн автобуска түшүп жол тартканбыз. Айдоочулар 3 күндүн ичинде Бишкекке жетесиңер деп айтышкан. Бул автобуста 52 жүргүнчү келди. Унаа жолдо бузулуп калып, 7 күн жол жүрдүк. Автобустун ичинде эч кандай шарт жок, ысыкта кондиционери дагы иштебейт же терезелери ачылбайт", - деп билдирүү жиберген.