Экономика министрлиги сатуудан алынуучу салыкты көтөрүү демилгесине түшүндүрмө берди

Экономика министрлиги сатуудан алынуучу салыкты жогорулатууну демилгелөөдө. Бул багытта коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоорунда салыкты 2 пайыздан 5 пайызга чейин жогорулатуу каралган. Аталган министрликтин Салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубан Айдаралиевдин SUPER.KG'ге билдиришинче, демилге накталай акча жүгүртүү менен иштеген ишкерлерге гана тийиштүү. Анын айтымында, патент төлөп базарда соода кылгандар менен накталай эмес түрдө акча жүгүрткөн тараптарга тиешеси жок.

"Азыр накталай эмес жана накталай акча жүгүртүү 50-50 пайызга жетип калды. Ошондуктан көмүскө экономиканы дагы да болсо кыскартуу максатында салыкты көтөрүүнү сунуштап жатабыз. Башкача айтканда, бирөөлөр таза иштеп жатса, башкалар мамлекет тарабынан берилген жеңилдиктерди пайдаланып мурдагыдай эле накталай эсептешүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Бул ишкердикке калыс шарт түзүүгө тоскоолдук жаратат. Эгерде ишкер которуу жолу менен эмес, накталай эсептешүү менен иш кылса, 5 пайыз салык төлөйт. Ал эми базарда отурган соодагерлерге тиешеси жок. Алар патент төлөшөт", - деп түшүндүрдү Айдаралиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gknb.life
2018-08-03 19:29:02
накталай эсептешүү менен иш кылса, 5 пайыз салык төлөйт. Ал эми базарда отурган соодагерлерге тиешеси жок. Алар патент төлөшөт"
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/240361/ кыска жана нуска, элге тушунуктуу...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан