Юстиция министри Айнур Абдылдаева кызматынан бошотулду (өмүр баяны)

Юстиция министри Айнур Абдылдаева кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Айнур Абдылдаева башка кызматка которулганына байланыштуу учурдагы кызматынан бошотулду.

Айнур Абдылдаева 1976-жылы Фрунзе шаарында туулган.

1999-жылы - Кыргыз улуттук университетинин математика, информатика жана кибернетика факультетин аяктаган. 2007-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн.

Эмгек жолу:

2000-2001-жылдары - президенттин иш башкармалыгынын инспектору, оператору;

2001-2003-жылдары - премьер-министрдин аппаратынын юридика бөлүмүнүн референти;

2003-2006-жылдары - премьер-министрдин аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти;

2006-жылы - премьер-министрдин аппаратынын жарандардын кайрылуусу менен иштөө бөлүмүнүн эксперти;

2006-2009-жылдары - премьер-министрдин аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадр кызматы бөлүмүнүн эксперти;

2009-жылы - өкмөттүн аппаратынын өкмөттүк чечимдерди даярдоо бөлүмүнүн жетекчиси;

2010-жылы - президенттик администрациянын жыйындарды даярдоо бөлүмүнүн жетекчиси;

2010-жылы - Убактылуу өкмөттүн аппаратынын административдик камсыздоо бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, президенттик администрациянын жыйындарды даярдоо бөлүмүнүн жетекчиси, президенттик аппараттын канцеляриясынын жетекчиси;

2017-2018-жылдары Юстиция министрлигинин статс-катчысы болуп эмгектенген.

2018-жылы апрель айында юстиция министри болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан