Мурат Мукамбетов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын жетекчиси-министр кызматынан бошотулду

Өкмөттүк аппараттын жетекчиси Мурат Мукамбетов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат менен камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Мурат Мукамбетов башка кызматка которулгандыгына байланыштуу өз эрки менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

Тиешелүү документке Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Мурат Мукамбетов 2018-жылдын апрель айында өкмөттүк аппараттын жетекчиси болуп дайындалган.

Өмүр баяны:

Мукамбетов Мурат Картайбекович, 1971-жылдын 3-апрелинде Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында туулган.

Ал 1993-жылы - Кыргыз архитектура жана курулуш институтун инженер-куруучу адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1993-1994-жылдары - "Арка-Бел" ишканасынын кызматкери;

1994-1995-жылдары - "ОМА-94" Кыргыз-Япон окуу борборунун менеджери;

1995-1998-жылдары - Кыргыз-Япон "ОМА Корпорациясынын" инженери;

1998-1999-жылдары - Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу министрлигинин адиси;

1999-2002-жылдары - Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын башкы адиси, социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

2002-жылы - Бишкек шаарынын Свердлов райондук жергиликтүү өз алдынча башкаруу администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары;

2002-2003-жылдары - Бишкек шаарынын Ленин райондук жергиликтүү өз алдынча башкаруу администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары;

2003-жылы - премьер-министрдин аппаратынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган башкармалыгынын эксперти;

2003-2004-жылдары - премьер-министрдин аппаратынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган башкармалыгынын уюштуруу иштери боюнча инспектору;

2004-жылы - премьер-министрдин аппаратынын кадрлар жана административдик реформалар башкармалыгынын кадрлар сектору, башчысы;

2004-жылы - премьер-министрдин аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат башкармалыгынын кадрлар сектору, башчысы;

2004-2005-жылдары - премьер-министрдин аппаратынын экономика, өнөр жай жана соода башкармалыгынын инвестициялык саясат жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү сектору, башчысы;

2005-жылы - премьер-министрдин аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат башкармалыгынын уюштуруу иштери боюнча инспектору;

2005-жылы - Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;

2005-2006-жылдары - Мамлекеттик кызмат жана аймактык өнүктүрүү башкармалыгынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча бөлүмүнүн башчысы;

2006-жылы - Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын акиминин милдетин аткаруучу;

2006-2007-жылдары - президенттик администрациянын уюштуруу иштери жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн уюштуруу жана көзөмөлдөө иштери секторунун мамлекеттик инспектору;

2007-2008-жылдары - өкмөттүн аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчы;

2008-2009-жылдары - өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары;

2009-2010-жылдары - Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын жетекчисинин орун басары;

2010- жылы - Убактылуу өкмөттүн аппаратынын мамлекеттик кызмат жана административдик реформалар бөлүмүнүн башчысы;

2010-жылы - президенттик администрациянын мамлекеттик кызмат жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысы;

2010-жылы - өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары;

2012-жылы - президенттик аппарат жетекчисинин биринчи орун басары;

2012-жылдан тартып өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп келген;

2018-жылдын 13-апрелинде президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен өкмөттүк аппараттын жетекчиси болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан