Зордуктоого аракет кылган адамдан качам деп мейманкананын терезесинен секирип жиберген кыздын абалы оор. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова 8-августта кабарлады. Анын айтымында, кыздын омурткасы сынып кеткен. Учурда №4-ооруканада жатат.
"Кыздын абалы өтө оор. Кечээ оорукана менен байланышканымда кызга биринчи этаптагы операция жасалганын айтышкан. Кийинки аптада экинчи этаптагы операция жасалат", - деди Айгерчинова.
Терезеден секирип омурткасын сындырып алган 19 жаштагы кыз 3-августта ага карата зордуктоо аракети жасалганы боюнча милицияга арыз жазган. Жазган арызында У.Э. аттуу адам менен кафелердин биринде таанышып, андан кийин мейманканага барышканын, зордуктоого аракет кылганда терезеден секирип жибергенин көрсөткөн.
Айрым маалымат каражаттары кызды зордуктоого аракет кылган адам панкратион боюнча Евразиянын 2 жолку чемпиону Улан Эралиев экенин жазышууда.