Депутат Алтынбек Сулайманов 2040-жылга карата өнүгүүнүн Улуттук стратегиясында тышкы карыздан кутулуу жолу айтылбаганына нааразы болду

Жогорку Кеңештин "Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Улуттук кеңештин жыйынында "Өткөн стратегиялык программанын 17 пайызы гана ишке ашыптыр. Биз реалдуу карашыбыз керек" деди.

Ал Улуттук стратегиябыз реалдуу пландар менен жазылышы керектигин баса белгиледи.

"Бул Улуттук стратегияда тышкы карызыбыз, эл аралык мамиле, анын ичинде АКШнын Орусияга карата санкциясы жөнүндө пландар айтылган жок. Бирок булар бизге чоң таасирин тийгизет. Биздин билим берүүбүз артта калган. Айткандын сөзү жаман, ыйлагандын көзү жаман болуп, баары жакшы деп келе берсек, туура эмес. Реалдуу стратегияны түзүү керек. "Кантип ишке ашырабыз" деген суроого жооп таап, анан гана бекитишибиз керек", - деди Сулайманов.

Учурда Бишкекте өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин VII жыйыны өтүүдө. Анда 2040-жылга карата Улуттук стратегиянын жана 2020-жылга карата шайлоо системин өнүктүрүүнүн долбоорлору кабыл алынмакчы. Аталган жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков биринчи жолу төрагалык кылууда.

Алтынбек Сулайманов: "Мурунку стратегиянын аткарылышы 17 пайыз болгон"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Bazake
2018-08-13 12:03:49
Тышкы карыз кантип ушул Сртатегияга кирсин? Депутаттар бир аз билим алып алса жакшы болмок. Тышкы карыздар буйруса камакка алынган жана камала турган экстердин эсебинен толонот. Кой-Ташта бир гитарист бар, ошону бери дегенде 2 млрд. долларга кустурса болот
+7
Erik2018
2018-08-13 12:04:27
Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясында камтылбаса деле карыздарга кол кабыш кылгандар үчүн атайын эсеп ачылган. Ага жарандар өз салымдарын кошо берсе болот.
+3
Mirlan27011987
2018-08-13 12:08:43
Карызды Асылбек менен Сооронбайдан баштагыла. Сооронбайдын 100 ашык гектар жерлерин ким конфискация кылат. Бут Сокенин мулкторун камака алыш керек Раимди баш кылып. Жакында Бабановду колдоп чыгабыз. Чабандарды колхозго президент кылып шайлайбыз.
-2
Bazake
2018-08-13 12:11:08
Mirlan27011987,Карызды Атамбаев алган. Акыркы 6 жылда эле АША 2 млрд. доллардан ашык Кыргызстанды карызга батырды. Пусть Атамбаев толосун. Мен бир тыйын да бербеймин
+4
Erik2018
2018-08-13 12:09:10
Атамбаев Кыргызстанды өнүктүрөм деп 6 жыл какшап келди. Бирок бири дагы ишке ашкан жок. Жээнбековдун бул айткан сунуштарын албетте убакыт көрсөтөт дечи бирок президент айткан убадалары менен эл оозуна алынууда.
+2
Mirlan27011987
2018-08-13 12:16:09
Erik2018,
Сен 6 жыл уктап жатыптырсын. АШАнын эмгегин Соке бири да жасай албаарын акыры убакыт коргорзот. Сокенин суротторун жарнама кылып, Сокенин сырткы тузулушун мактап эле жатасынар.
-4
Bazake
2018-08-13 12:18:49
Mirlan27011987,АШАнын урдаганындай иштерди жасай албайт. Ага азыркы президенттин абийири да жол бербесе керек. Эн башкысы Атамбаевди камап туруп кустурса жетет эле. Тарыхта калат
+2
admin_media
2018-08-13 12:35:16
Erik2018, Такалбаган маалыматты жазууга тыюу салынган. Жеке айтышуулага жол берилбейт, билдирүүңүз өчүрүлдү.
0
Ermekbai
2018-08-13 12:40:04
Өлкөбүз өнүксө экен
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан