Сооронбай Жээнбеков: "Өлкө оңолушу үчүн биринчи аткаминерлер, өзүбүз оңолушубуз керек"

“Өлкө оңолушу үчүн биринчи аткаминерлер, өзүбүз оңолушубуз керек" деп айтты президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук кеңештин жыйынында.

Өз сөзүн жыйынтыктап жатып өлкө башчысы жыйында жакшы программалар кабыл алынганын билдирди.

"Айткан сөз менен кылган ишибиз дал келиши шарт. Мына биринчи ушул жерде отургандар да ошондой бололу. Бүгүн өлкөнүн каймактары чогулуп отурабыз. Жакшы программаларды кабыл алдык. Бизди өнүктүрбөй жаткан ички бюрократия. Баарыңар жоопкерчиликти алуудан качып жатасыңар. Стратегияда, шайлоодо күнөө жок. Күнөө өзүбүздө. Азыр стратегияда эмне жазылганын билбейсиңер. Окубай келгенсиңер”, - деди ал.

Кечээ, 13-августта Бишкекте өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин VII жыйыны өттү. Анда 2040-жылга карата Улуттук стратегиянын жана 2020-жылга карата шайлоо системин өнүктүрүүнүн долбоорлору кабыл алынды. Аталган жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков биринчи жолу төрагалык кылды.

Президенттин катышуусунда өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйыны өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
haydarkan
2018-08-13 14:02:17
Селер давно онолушунар керек эле атка минерлер. Соке намаз окуйм мен мен калыс болом мен жыргатам селерди мен ыймандуумун деп шайлоодо берген убаданды дагы деле аткара албай жатасын. Бир жыл толук болот жакында бир корунуктуу иш жасаганын жок эл учун. Аттин бекер шайлаган экенмин. Кыйпатам десе ии намаз ркуса кыйрататко деп ойлогом ким за шайлоону кайрадан откоруш керек
+5
Bazake
2018-08-13 14:15:52
haydarkan,Пессимист болбос доске. Жакшы иштер жарк этип эле корунуп жатат. Ага бир аз пейилди гана ондогон жетиштуу. Сен айтып жаткан Соке шайланганда элдин ишеними 54 пайыз болсо, азыр 60 пайыздан ашты. Демек, президент туура жолдо баратат. Убакыт боюнча айтсам, 8 айдын 5 айында АША бут тосуп президентти такыр иштеткен жок. Ошентсе да 1 айда 200 млн. сомдон ашуун уурдалган акчалардын кайтарылганын эле айтсак иштин катуу журуп жатканынан кабар берет.Бийлик иштеп жатат жанталашып, пейилди ондойлу
-5
haydarkan
2018-08-13 16:26:03
Bazake, кайсы жакшы ишин айтып жатасын жарк деп жакшы иши коруно элек бул кишинин.
+1
Erik2018
2018-08-13 15:13:18
haydarkan,Жээнбековдун азыркы кадрлары колунан келген аракетин көрүп жатат. Коррупция менен күрөш катуу жүрүүдө. Бир катар атакминерлер камалды. Бул дагы президенттин туура саясат, кадрларды жаңылбай тандап жатышанан кабар берет.
+1
Erik2018
2018-08-13 15:15:00
haydarkan, Жээнбековдун кадр тармагын колуна алды. АШАнын кадрларын тазалап жакшы кылды. Болбосо алар коррупцияга малынып өлкөнү тоноп кетиптир. Бири АКШга качса дагы бири абакта отурат.
+4
Mirlan27011987
2018-08-13 15:51:29
haydarkan,Соке намаз окуганы менен мактамбай кылган иштери менен мактансынчы. Намаз окуп койсо эле адам онолуп кетпейт. Исхак Раззаков намаз окубай, динчил болбой эле таза иштеген. Негизи жетекчилердин динчил болуп, курулай кудайчыл болгону жакшы эмес. Жакында Соке Чубак молдодон ашып тушпосо болду. Жаштарга сакал остургуло, башынарды хиджабка ороп алгыла жана эки аял алгыла деп жаштарды угуттоп.
-1
Sahka
2018-08-13 14:11:31
Карга карганын козун чокубайт. Олкобуз эгемендуулукту алгандан бери келген бийлик онолтуп, гулдотуп, онуктуруп берем деп кетет. Олконун акыбалы корунуп турат. Ошончо даярданбай келип, иштебей жатканын билсе неге жыйнап отурат лекция окуп. Айда иштен тыркыратып.
+5
Bazake
2018-08-13 14:17:50
Sahka,Элдин ишенимин Бакиев, Атамбаев, Акаев кетирген. Мунун азабын азыркы бийлик тартып жатат десек болот. Программа кабыл алып анын устундо иштейин десе ушунча сын болууда. Элдин пейли да бузулган. Бизге азыр ынтымак, биримдик керек
+2
Sahka
2018-08-13 14:20:27
Bazake,президент ОЗУ айтып жатпайбы даже документти окуп келбединер деп.
+1
Bazake
2018-08-13 15:11:04
Sahka,Документти ишке ашыра турган окмот. Окмот иштеп баштады. Ал жагынан кам санабай туралы. Баары эле Атамбаев беле
-1
Sahka
2018-08-13 14:17:59
Оо аз келгенсип бул Улуттук онуктуруу стратегиясынын жыйынына келген аткаминерлер екен. Менин суроом; ушулар менен олко онуктуром деп ойлосузбу урматтуу президент?
+2
dobrajelatel
2018-08-13 15:01:33
"керек" деген терминди "талап кыламын" деп озгортсо болмок. Керек деп журуп 28жыл отту.
+3
Kyrgyz_bloger
2018-08-13 15:06:57
Элге жараша бийлик бизде охраниктен жогорку бийликтегилерге чейин баары эле ууру болсо кайдан онугот
+3
bond02
2018-08-13 15:16:12
Азыркы тапта бир эле маселенин устундо иштеп калгандары калып кетип жатат.
0
Mehazahn57
2018-08-13 15:51:18
Элди алдап жылуу жумшак суйлоп эле отура берет экенсинерда бок курсактар. Иштегилечи айланайындар иштегилечи! 6миллион калктын жашоо денгелин эбак эле жакшыртып салсанар болмок алкымы чондор.
+2
asha302
2018-08-13 16:16:53
Силердин кудайынар деги эле каалабай койду го!!! Кудай кааласа деп калышат кыйратып салышкансып
-1
nemo2016
2018-08-13 19:31:15
Андай кылыш керек мындай кылыш керек деп суйлоп эле койбой иш жузуно бир бир эле ишти корсотчу калп эле кресло коргобой
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан