Биринчи жолу президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Улуттук кеңештин жыйыны өттү (фоторепортаж)

Бүгүн, 13-августта биринчи жолу президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Улуттук кеңештин жыйыны өттү. Иш-чара Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында орун алды.

Анда Кыргыз мамлекетин 2040-жылга чейинки узак мөөнөткө өнүктүрүүнүн стратегиясы жана 2018-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүүнүн стратегиясынын долбоорлору талкууланып, кабыл алынды.

"Абдан көп сунуштар жана сын-пикирлер келип түштү. Алардын баары теӊ каралып чыгып, мезгилдин талабына жооп берген пикирлер эске алынды", - деди өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков. Ошондой эле президент бул талкууга катышып, өз салымын кошкон бардык жарандарга ыраазычылык билдирди.

Жыйындын катышуучуларынын тизмеси:

Сооронбай Жээнбеков - Кыргыз Республикасынын президенти, Улуттук кеңештин жыйынынын төрагасы;

Дастанбек Жумабеков - Жогорку Кеңештин төрагасы;

Мухаммедкалый Абылгазиев - премьер-министр;

Айнаш Токбаева - Жогорку Соттун төрайымы;

Иса Өмүркулов - Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери;

Алмазбек Баатырбеков - Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын лидери;

Жыргалбек Турускулов - Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери;

Бакыт Төрөбаев - Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери;

Алтынбек Сулайманов - Жогорку Кеңештин "Бир бол" фракциясынын лидери;

Алмамбет Шыкмаматов - Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери;

Дамир Сагынбаев - Коопсуздук кеңешинин катчысы;

Өткүрбек Жамшитов - башкы прокурор;

Нуржан Шайлдабекова - Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы;

Толкунбек Абдыгулов - Улуттук банктын төрагасы;

Улукбек Марипов - Эсептөө палатасынын төрагасы;

Олег Панкратов - экономика министри;

Адылбек Касымалиев - каржы министри;

Азамат Дикамбаев - Улуттук стратегиялдык изилдөөлөр институтунун директору;

Нурсулу Ахметова - президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы;

Светлана Борцова - "ЭкоПартнер" консалтингдик юридикалык компаниясынын башкы директору;

Айнура Усупбекова - "Жарандык Платформа" коомдук фондунун директору;

Таалайбек Койчуманов - өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчысы;

Азиза Юлдашева - "Жер Азыгы" Кыргыз мамлекетинин агробизнесмендеринин ассоциациясынын аткаруучу директору;

Улук Кыдырбаев - Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы;

Надежда Добрецова - Өнүгүү саясаты институтунун башкармасынын төрагасы.

Президенттин катышуусунда өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйыны өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан