2010-жылдан 2017-жылга чейин энергетика тармагында 307 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта тегерек столдо Башкы прокуратуранын алдындагы Мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын прокурору Рамазан Ибраимов билдирди.
"307 кылмыш ишинин 86сы токтотулган, 36 иш кыскартылган, 2 иш боюнча тергөө жүрүүдө. Ал эми сотко жөнөтүлгөн иштер 175, жөнөтүлгөн иштин натыйжасында 104 адамга айып тагылган.
Ошондой эле 2017-жылдын жана 2018-жылдын жарымында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын ишмердиги боюнча 4 кылмыш иши козголгон. Тартиптик жазага 24 тийиштүү адам тартылды", - деди Ибраимов.