Бишкектеги "Аламүдүн" базарынын жанындагы жер үстүнөн өтүүчү өтмөктүн лифтинин айнегин белгисиз адамдар талкалап кетишти. Бул тууралуу мэриянын аппарат башчысынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев социалдык түйүндөрдүн бириндеги баракчасына жазып чыгып, сүрөтүн илди.
"Аламүдүн жактагы көпүрөнүн лифти - биздин, шаардыктардын ар бирибиздин мүлкүбүз. Үйүңүздү, үйүбүздү талкалап жатышат. Ар бирибиз көңүл буралы" деп жазган Түлөбаев.
"Аламүдүн" базарындагы жөө жүрүүчүлөр өтүүчү өтмөк 2017-жылы ноябрь айында коюлган. Ага жалпысынан 17 миллион 600 миң сом акча каражаты сарпталган.